ПРЕЗИДЕНТ “САСЫК” ЖАНА “МАРОДЕР” ДЕГЕН СӨЗДҮ “АТА МЕКЕНГЕ” АЙТПАПТЫР

Президент Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Текебаевди жана анын партиясынын кадыр баркына шек келтирбегенин бүгүн сотто мамлекет башчысынын өкүлү Айжан Кадырова билдирди.

Айтымында, мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууда Алмазбек Атамбаев сасык партия жана мародер деген учурда Өмүрбек Текебаев жана “Ата Мекен” партиясы тууралуу айткан эмес.

Ажо ким тууралуу сөз кылганы тууралуу суроого Айжан Кадырова жооп бере алган жок.

Кийинки соттук отурум 27-мартта болмокчу.

“Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү президентти сотко беришкен. Алар мамлекет башчысы “Ата Мекен” партиясын сасык, Өмүрбек Текебаевди мародер деп атаганына нааразы болуп келишет.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу