Президент Россия шайлоо участоктору көбөйтүлөрүн айтты…

Жакынкы күндөрү Россияда шайлоо участоктору көбөйтүлөрүн президент Сооронбай Жээнбеков өткөн жумадагы элчилер менен жолуккан жоолугушууда баса белгиледи. Ажонун сөзүн улай азыр өкмөт бул багытта кеңири иштеп баштады. Чет жактардагы консулдук мекемелердин географиясын этап-этабы менен кеңейтүү, консулдук чөйрөдө заманбап маалыматтык технологияларды ишке киргизүү керектиги боюнча реалдуу иштер жүруүүдө. Мисалы, ушул жылы Россиянын Новосибирск шаарында Башкы консулдук ачылды. Мекендештерибиз көп жайгашкан башка региондорунда да ачылганы турат. Ошону менен бирге чет жактардагы Ардактуу консулдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу да зарыл. Элчиликтердин шайлоо маалындагы бир милдети — жооптуу мамлекеттик органдар менен бирге чет өлкөдө убактылуу жашаган жарандарыбыздын шайлоо укугун камсыздоо. Биздин мекендештерибиз көп жайгашкан мамлекеттерде, өзгөчө Россия менен Казакстанда иш ырааттуу, күчөтүлгөн темпте жүргүзүлгөн.

БУЛАК:Мантыш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу