Президент, Премьер-министр жана  Депутаттардын жүрөгүнүн үшүн алган Раим Миллион…

 

“Этеги жаман жерден айрылган”,  деги эле Коррупциялык иштерде аты байма-бай аталып жүргөн Бажы кызматынын орун басары “Раим миллион” каймана аты менен таанымал Раимбек Матраимовду текшерген эч ким жок. Бул эргулдун бажыдан бир топ жашылбайларды сол чөнтөккө салып жатканы боюнча аңыз кептер көп. Жогорку Кеңештин төрагасы баш болуп, депутаттары төш болуп парламенттин трубунасынан Бажыдагы коррупциялык схемаларды, ошол эле Раим Матраимовдун кантип мамлекетти тоноп жатканын айтып чыгышкан. Кийин  бир топ ММКлар дагы  далилдүү маалыматтарды жазып чыгышты.  Эмнегедир Президент, Өкмөт, бул эргул тууралуу айтылып жаткан чуулгандуу маалыматтарды текшерейин дебейт. Мисал катары айта кетсек, ошол эле Саляновага, Шыкмаматовго далилсиз-мыйзамсыз кылмыш ишин козгошту. Ал эми Ата-Мекендин лидери Текебаевди кайдагы бир мощенниктин жалаа жабуусунун негизинде камакка алды. Эгерде бийлик адилеттүү болсо бир тараптуу оппоненттерин эле камай бербей, Раим-миллионго окшогондорду да камакка албайбы?  Раим Матраимовго карата көрсөтмөнү, далилдүү маалыматтарды мощенниктер эмес, Парламент депутаттары, ММКлар, Коомдук ишмерлер берип жатпайбы. Жэ “Раим миллион” эл оозунда айтылып жүргөндөй, булардын кекиртектерине жашылбайларды тыгып, ооздорун ачкыс кылып койгонбу? Эмнеси болсо да мыйзамдуу өлкөдө жашап жаткандан кийин, мыйзам баарына бирдей болушу керек. Бийлик элдин ишенимин кайтарам десе, ушуга окшогон коррупциялык иштерге тиешеси бар деген эргулдарды текшерип, күнөөсүн далилдеп камакка алса, карапайым калк арасында бийликке деген ишенич пайда болмок. Орустарда жакшы сөз бар эмеспи “Бей своих, чтобы чужие боялись” дегендей, өздөрүнүн колтугундагы коррупционерлерди тыйса, башкалар өздөрү эле жоголот…

Булак: ARGUMENT.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу