Президент: “Мен Атамбаевдей, Бакиевдей же Акаевдей болгум келбейт. Мен жөн гана Сооронбай Жээнбеков катары калгым келет”

«Менин максатым – өзүмдү башка президенттер менен салыштырбай, эл үчүн чын дилден иштөө», – деп билдирди бүгүн, 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында.

Журналист «Сиздин башкарууңуз эмнеси менен айрымаланат?» – деп сурады.

«Мен Атамбаев, Бакиев же Акаевдей болгум келбейт, мен жөн гана Сооронбай Жээнбеков катары калгым келет.

Ошондой эле президнет анын саясий атаандаштары жөнүндө дагы айта кетти.

«Менде азыр саясый атаандаш жок, анткени мен кийин кайрадан президенттикке, депутаттыкка же партияга  шайланбайм. Президенттиктен кеткенден кийин мен ыйгарым укуктарымды тапшырып, эл арасында болгум келет. Саясий атаандаш – бул бийлик үчүн атаандашкан адам. Азыр мен кийинки президенттикке эл колдогон адам келиши үчүн  бирдей шарттарды түзгүм келет» – деди өлкө башчы.

Булак:KyrgyzToday

Аргумент.kg
Жооп калтыруу