Президент менен премьер-министр эмнени сүйлөштү?

Бүгүн, 11-майда ажо Алмазбек Атамбаев Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду кабыл алып, жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга кандай жардам көрсөтүлүп жатканы боюнча сурады.

Сооронбай Жээнбеков кооптуу аймактардагы элдин коопсуздугун камсыздоо аракеттери жөнүндө маалымат берди.

Ажо жардам берүү жана калыбына келтирүү иштерин өз убагында бүтүрүүнү Өкмөт башчыга тапшырганы боюнча президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирген.

Булак: «NazarNews.kg» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу