Румыниянын башкы прокуратурасы өлкөнүн мурдагы президенти Ион Илиеску менен
мурдагы премьерминистр Петре Роман 1990жылы жайындагы бир нече адамдын өлүмү
боюнча сот жообуна тартыла турганын билдирди.
Ошол жылы 13июнда өкмөттүн
чакыруусу боюнча Бухарестке келген
миңдеген шахтерлор менен
шаардыктардын ортосундагы
кагылышуулардан төрт активист каза
болуп, миңден ашык киши жаракат
алган. Румын борборунун көчөлөрүндө
кан төгүүлөр 3 күнгө созулган.
Бухаресттеги ал окуялар жаштар менен студенттердин узакка созулган көчө
демонстрацияларынын чечүүчү учуру болуп калган. Ага чейин 53 күн бою борбордук аянтка
миңдеген шаардыктар топтолуп, неокоммунисттерге каршылыгын билдирип турушкан.
Студенттер Ион Илиескуну демократиялык башкаруу нормаларын бузууга айыпташкан.
1989жылы декабрда Илиеску жана анын тарапташтары «революциялык төңкөрүштөн»
жана президент Николае Чаушеску менен анын аялы Еленанын өлүмүнөн кийин бийликке
келишкен.
Ион Илиеску менен Петре Роман Бухаресттеги өкмөткө каршы чыккан адамдарды кууп
таратуу үчүн жооптуу экендиктерин четке кагып келишет. Азырынча соттун датасы
жарыялана элек. Соттолуучулардын арасында ошол кездеги румын коопсуздук
кызматынын башчысы Виржил Мэгуряну дагы бар.
Булак: Чагылган