Президент Жээнбеков эл аралык деңгээлдеги стадион курууну сунуштады

Президент Сооронбай Жээнбеков Футбол федерациясы менен биргеликте футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну жана программанын алкагында Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жаңы заманбап футбол стадионун курууну өкмөткө сунуштады.

Бул тууралуу ал бүгүн, 24-январда футбол боюнча Улуттук курама команданын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирди.

“Сиздердин Азия Кубогунда 1/8ге чыгышыңыздар эле тарыхый окуя болуп саналат. Кыргызстан ФИФА рейтингинде 2012-жылы 195-орунду ээлеген. Быйылкы жылы биз 91-орунду ээледик. Бул ийгиликтин, жаркын жеңишиңиздердин артында чоң эмгек, тынымсыз машыгуулар турат”, — деди мамлекет башчы.

Президент Азия Кубогуна катышуу курама команда үчүн жакшы салт болоруна, командага өзүнүн чеберчилигин өнүктүрүүгө жана эл аралык беттештерди кабыл алууга чоң мүмкүнчүлүк бере турганына ишенимин билдирди.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу