Президент Жээнбеков экс-президент Алмаз Атамбаевге Кыргыз Эл Баатыры наамын берүү тууралу указын жокко чыгарышы керек

Бүгүн, 13-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина өзүнүн Кыргызстанды карызга батырып, экономикасын очойткон атасы Алмаз Атамбаевге адатынча жагалданып, былтыр ноябрда чыккан указдын негизинде Кыргыз Эл Баатыры деген наамын качан бересиңер деп айкырып, ызы-чуу салды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын ноябрь айында ал указга кол койгондо Атамбаевдин президент кезиндеги жоруктарын толук билек эле болучу. Кийин Атамбаев ишке ашырган долбоорлордун дээрлик баардыгы коррупциялык жолдор, миллиондогон долларларды уурдап-тоноолор менен ишке ашырылгандыгы белгилүү болуп, Атамбаевдин эң жакын жан-жөкөрлөрү Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, Жантөрө Сатыбалдиев жана башкалар коррупциялык кылмыштарга айыпталып камакка алынды. Андан кийин Атамбаев Кытайдан 1,5 млрд доллар карыздарды өтө оор шарттарда, оор пайыздар (2%) менен алып Кыргызстанды төлөй алгыс карыздарга батырганы дайын болду. Батукаев сыяктуу уюшкан кылмыштуу топтун бир нече мүчөлөрүн эркиндикке Атамбаевдин режими чыгарып жибергени такталды. Кыргызстан мурда болуп көрбөгөндөй коррупциянын сазына Атамбаевдин тушунда батты. Муну швед окумуштуусу: “Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасы өзү коррупциялык система” деп таамай баа берди. Атамбаевдин мындай айыптарын санап жаза берсе кагаз түтпөйт.

2010-жылы милициянын генералы Өмүрбек Суваналиев: “Атамбаев не созидатель, он разрушитель” деп так, таамай баа бергени эми далилденди.

2013-жылы Каршылык көрсөтүү кыймылы: “Атамбаев бийликти толук узурпациялап алды, эми Кыргызстанда өнүгүү болбойт. Атамбаев узурпатор!” дегени да туура чыкты.

2016-жылы Бекболот Талгарбеков: “Атамбаев кыргызга миң жылда бир келүүчү кырсык” деп атаганы да туура экенине күбө болдук.

Азыр бүтүндөй кыргыз эли Атамбаевдик режимдин учурундагы коррупциялык талап-тоноолорду айыптап жаткан кези. Ошондуктан президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн 2017-жылдын ноябрындагы Атамбаевге Баатыр наамын берүү тууралу указын жокко чыгарып, кайра артка чакырып алышы керек. Атамбаевдин 7 жылдык ишмердигин укук коргоо органдары иликтеп, юридикалык баасын бериши зарыл.

Булак: Kyrgyztoday.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу