Президент Жээнбеков “экзаменден” ийгиликтүү өттү

Өткөн жумада президент Сооронбай Жээнбеков жылдын жыйынтыктары боюнча ММК өкүлдөрүнүн катышуусунда дээрлик 3 сааттан ашык маалымат жыйынын өткөздү. Президент коомчулукту кызыктырган бардык суроолорго ачык жооп бергени менен элге жакты.

Биздин редакция Сооронбай Шариповичке үч маселе боюнча кайрылган.

Биринчиси, биздин Россия жергесинде иштеп жаткан мигранттар маселеси. Россиялык белгилүү укук коргоочулар Кыргызстандын Россиядагы элчилигине сын айтып чыгышкан. Себеби, Орусиядагы элчилик, КР ИИМдин ал жактагы өкүлчүлүгү, Миграция комитетинин өкүлчүлүгү жетиштүү иш алып бара албай, мекендештерибиздин укуктары жакшы корголбой жатат. Андыктан, ИИМдин, миграция багытында иш алып барган өкүлчүлүктүн баарын кошуп, Элчилик алдында бир муштумдай иштеген структура түзүлсө, соопко калмакпыз. Ошондо, “тигиге бар, буга кел”- деп мекендештерибизди топтой тепкен кайдыгерлик жоюлмак. Президент бул сунушту колдоду, аны баарыңыздар уктуңуздар.

Экинчиси, КР Мамлекеттик каттоо кызматындагы башаламандык, жемкорлук жөнүндө сөз болду. Негизи эле, Алина Шаикова келгени бул тармакта иштин ыргагы бузулуп, карапайым калктын нааразычылыгы күчөп жатканы дайын. Мындай башаламандыктын башында Шаикованын орун басары Айнура Туйбаева тургандыгын ачык айтууга туура келди. Себеби, Мамкаттоо кызматына караштуу транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо Департаментинде өтө оор абал пайда болгон. Мамкаттоо кызматынын төрайымы Шаикова орун басары А.Туйбаева менен “Инфоком” жетекчилеринин коррупцияга каршы күрөш жана автоматташтырылган система киргизүү шылтоосу менен эбегейсиз бюджеттик каражаттарды “кымырып”, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, нааразы болгон кызматкерлерди каалашынча жазалап, иштен алып, куугунтук уюштурганына, ошондой эле көп сандаган чет өлкөлөргө командировкалап барып жыргап жатканына байланыштуу коңгуроо кагылган.

Жеке мен президентке багытталган бул оор маселе боюнча оперативдүү чара көрүлөрүн күткөн жок элек.

21-декабрда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев унааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө жооптуу “Унаа” мамлекеттик мекемесин түзүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчысы мен суроомдо белгилегендей, унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча иштерге коомчулук тарабынан нааразычылык көп экенин моюнга алды. “Узун кезектер, документтерди өз убагында бербөө жана процесстердин бюрократиялашуусу биздин жарандар үчүн ыңгайсыздыктарды жаратат. Буга байланыштуу МКК караштуу Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун жана Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментин жоюу жана анын базасында жаңы “Унаа” мамлекеттик мекемесин түзүү чечими кабыл алынды”,- деди Абылгазиев.

Бирок, премьер-министрдин “адамдык факторду жоюу үчүн биринчи кезекте “Унаа” ММ ишмердигин толук автоматташтырууну камсыздоо зарыл – бардык маалыматтык базалар электрондук түргө келтирилиши керек” – деп айтканы түшүнүксүз. Шаикова менен Туйбаева бюджет эсебинен кайра-кайра киргизген автоматташтырылган системаны кайда барып катабыз? Же бул шылтоо менен аларга дагы жеп-ичкенге шарт түзүлүү зарылбы?

Президент Сооронбай Жээнбековго жолдогон кайрылуубуз жолдо калбады. Бирок, премьер-министр эми “Унааны” кайра карышкырларга кайтартып коё турган болсо, иш алга жылбайт!

Үчүнчүсү, өлкө башчысына Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Дене тарбия жана спорт Башкармалыгынын жетекчиси жана анын бир катар кызматкерлеринин мыйзамга ылайык келбеген иш аракеттери тууралуу кайрылдык. Анткени, бул башкармалыктын кызматкерлери ыйлап жүрөт, чындык издеп.

Башкармалыктын жетекчиси Ырысбек Мааткабыловдун үстүнөн мамлекеттик каражатты өз кызыкчылыгына колдонгону үчүн кылмыш иши да ачылган. Анткен менен ага байланыштуу эч кандай чара көрүлгөн жок. Мааткабыло башкармалыкты базар кейпине айлантып койгонун моюнга алып, бир аз эле уяты болгондо, кызматтан кетүүгө эчак эле өз эрки менен арызын жазмак. Президент бул маселени өз көзөмөлүнө алды, жыйынтык чыгат деп ишенебиз.

Негизинен, президенттин маалымат жыйыны аркылуу өзүнүн бир жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарды, ошондой эле кийинки беш жылда мамлекеттин күн тартибинде кайсы маселе, милдеттер приоритеттүү болорун маалымдады.

Айта кетүү керек, бул приоритеттер С.Жээнбековдун талапкердик программасында 6 жылга аныкталган. Бир жылдык ишинде, баарыбызга маалым болгондой, мамлекет башчысы эл алдында ошол багыттарды ишке ашырууга негиз салды Негизги убадаларынын бири – аймактарды өнүктүрүү багытында болчу. Бул жаатта 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылы” болуп жарыяланып, өлкөдөгү каржылык мүмкүнчүлүктөр негизинен элетке багышталганына кубө болдук. Аймактарды өнүктүрүү бир жылдык гана иш эместигин, бул жалпы президенттик мөөнөттөгү эң негизги милдет экенин С.Жээнбеков бир нече ирет айтып өттү. Анткени, региондордун маселесин бир жылда чечип салуу мүмүн эмес. Бул багыттагы иштер кийинки Жээнбековдун президенттик жылдарында да уланат.

Экинчиден, президент өз сөзүндө быйылкы жылга “саясаты көп жыл болду”- деп таамай баа берди. Азыр эки кишинин башы кошулган жерде эле саясат, “Текебаев качан чыгат, Бабанов келеби?” ж.б. Реалдуу экономиканы ойлогон эч ким жок. Ошондуктан, президенттин саясатты азайтып, эл турмушун жакшыртууга жан үрөө багытындагы чакырыгы колдоого аларлык.

Үчүнчүдөн, биз президенттин кийинки жылдардагы артыкчылыктуу багыттар кайсылар экенин билдик.

Булар:

— Тышкы саясат улуттук кызыкчылыктарды коргоо менен жүргүзүлөт, “алыскы жакындан жакынкы коңшу артык” багыты кармалат.

— Өлкөнү санариптештирүү

— Региондорду өнүктүрүү

— Сот-укуктук реформа

— Коррупция менен күрөш (санариптештирүү – негизги куралдын бири)

— Сөз эркиндигин бекемдөө.

Жыйынтыктап айтканда, президент С.Жээнбеков багытталган ар бир суроого кунт коюу менен мамиле кылып, так-таасын жооп бере алды. Эч нерсени жашырган жок. Эң жакшы жышаан – журналисттик коомчулукту өз-өзгөгө бөлбөй, баарын чакырышты. Мисалы, Атамбаев убагында “Майданды” жолотчу эмес да. Быйыл чакырышты, бизге кошо “Апрель”, “7-канал” ж.б. оппозициялык ММКлар келди. Муну журналисттик коомчулук абдан туура баалады. Кыскасы, С.Жээнбеков алгачкы “экзаменден” ийгиликтүү өттү.

Булак: “Майдан”

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу