Президент жергиликтүү соттордун алты судьясын дайындады

Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындап, Ысык-Көл жана Чүй облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президентке Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Ысык-Көл облустук сотуна 1, Бишкек шаардык сотуна 2 жана Чуй облустук сотуна 6 талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизилген.

19-январда Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөргөн. Анын жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен президент жергиликтүү сотторуна 6 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болгон.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, мамлекет башчысы 3 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.

Мамлекет башчысы кол койгон жарлыкка ылайык,  жергиликтүү соттордун судьялары болуп 6 талапкер дайындалды.

Ысык-Көл облустук сотуна — Апышев Алмазбек Апышевич;

Бишкек шаардык сотуна — Алгожоев Замирбек Болотбекович;

Чүй облустук сотуна — Абдиева Тынара Курмантаевна, Абдырашитов Тилек Арстанбекович, Алибаев Акматали Имаралиевич, Джаналиева Миргуль Джаныкеевна жиберилди.

Булак: Калыс Медиа

Аргумент.kg
Жооп калтыруу