Президент болууну каалагандардын саны 25ке жетти

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, 14-июлга карата президенттикке
талапкерлигин коюуну каалаган жарандардан 25 арыз келип түшкөн.
Маалыматка караганда, алардын ичинен төрт талапкерди партиялар көрсөтсө, калган
21и өзүн өзү көрсөтүшкөн.
Президенттик жарышка өзүн өзү көрсөтүү жолу менен барууну чечкендердин арасында
учурда иши сотто каралып жаткан «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев
менен парламенттеги «Республика —Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов
Талиптер тажик чек арачыларына кол салышты Ооганстанда күч түзүмдөрүнүн башчылары
бар.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоевдин айтымында,
биометрикалык маалыматтарды тапшырган 2 млн 954 миң 547 шайлоочу бар. Алардын
ичинен 26 миң 33 жаран каза болгондугуна жана 2964 жаран башка өлкөнүн
жарандыгын алгандыгына байланыштуу тизмеден чыгарылган
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Талапкерлигин коюуну каалаган
жарандар БШКга 1-августка чейин арыз тапшырышы керек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу