Президент болом дегендердин дагы төртөөнү тизмеден чыгаруу каралууда

Президенттикке талапкер болуу үчүн арыз бергендердин ичинен дагы төрт киши жарыштан четтетилиши мүмкүн. Алар — Игорь Трофимов, Муканбай Аманбаев, Марта Кыдыралиева жана Мирлан Шеркул уулу. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов «Азаттык» радиосуна билдиргендей, алар арыздарды кабыл алуу мөөнөтү бүткөнгө чейин шайлоо фондун ачууга жетишкен эмес. БШК бул маселени карап жатат.

Эрежеге ылайык, белгиленген мөөнөттө шайлоо фондун ачпаган жаран талапкер боло албайт. Арыздарды кабыл алуу 1-августта токтотулган. Шайлоо фондуна салынчу каражатка чектөө коюлган эмес.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Талапкер болуу максатында БШКга 59 киши арыз берген. Алардын үчөө жарыштан чыгып, 56 киши калган. Учурда аларды талапкер катары каттоо боюнча иштер жүрүүдө.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу