Президент беш өлкөнүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-январда Украинанын элчиси Валерий Жовтенко, Индиянын элчиси Алока Амитабх Димри, Кубанын элчиси Эмилио Певида Пупо, Словакиянын элчиси Милан Коллар жана Ливандын элчиси Жискар Эл-Хуринин ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Мамлекет башчысы элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, алардын өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошоруна ишеним билдирди.

Ар бир дипломат менен сүйлөшүүдө Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан айыл чарба, транспорттук жана авиа байланыштар, туризм, жеңил өнөр жай, билим берүү, медицина, илим жана техника, өлкөнү санариптештирүү тармактарында мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Мындан тышкары мамлекет башчы ЕАЭБ жана Кыргызстандын ВСП+ макамынын алкагында кызматташтыкты тереңдетүүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу эске салды.

Украина, Индия, Куба, Словакия жана Ливандын элчилери президент Сооронбай Жээнбековго өлкөлөрдү жакындатууга бардык күч-аракетин жумшай турганын билдиришти.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу