Президентти жаман сөзгө калтырган Албек Ибраимов

Өткөн дем алышта Албек Ибраимов Бишкектин төрт районунан ардактуу пенсионерлерди, аттуу-баштууларды ресторанга чакырып, президент Сооронбай Жээнбековдун атынан ооз ачыруу уюштуруптур. Баргандар нааразы болгондорун жашыра алышпай, бир ооздон бизге арызданышты. Көрсө, муздак сорпо, эти аз күрүч беришип, келген аксакалдарды будамайга салышып эле таратып ийишиптир. Үстүнөн эки кьшмыш иши козголгон Ибраимов атайын эле президентти жаман көрсөтүү үчүн жасаганбы? Болбосо, бакыйган Бишкектин мэри сыйлуу адамдарды чакырып аткан соң кыргыздын салтына салып, устукан тартуу менен окшоштурса не? Мындай жорукту Албегиңер атайын кылган го?  Дал ушунун айынан президентке акаарат айтышып, нааразы болгондор кыжырданышууда.

Кубат Карачев

Булак: “Азия ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу