Президенттин тапшырмасы менен УКМК кызматкерлерине жаңы батирлер берилди

Президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров 24-августта Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн курулган көп батирлүү эки үйдүн ачылышыны катышты.

Жумакадыров жаңы конуштуу болгондорго Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо сөзүн жеткирди. “Мен бүгүн өлкөбүздүн президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин атайын тапшырмасы менен, жаңы батирлердин ээлерин турмушундагы эң жакшы окуялардын бири – жаңы үйлүү болушу менен куттуктап коюу үчүн келдим. Мамлекет башчыбыздын атынан сиздерге турмушта жана кызматта ишенимдүү тирек болгон сиздердин туугандарыңыздарга жана жакындарыңыздарга жылуу куттуктоо сөздөрдү жеткирип коюу мен үчүн парз. Бардыгыңыздарга жооптуу ишиңиздерге ийгилик, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм”, — деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Коопсуздук кеңешинин катчысы жаңы үйлөрдүн жанына балдар аянтчасын куруу үчүн 300 миң сомдук сертификат да тапшырды.

Иш-чарага УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаев, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Раимберди Дүйшөнбиев дагы катышышканын президенттик аппараттан билдиришти.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу