Президенттин соттук чечимдерге саясатты аралаштырбагандыгы кубандырат.

Кыргызстанда мурда бийликтин алмашуусу укуктук нигилизм менен коштолчу. Же мурдагы бийликтин тушунда резонанстуу иштер боюнча камалгандар, а түгүл адам өлтүргөндөр кийинки бийлик келери менен бошотулган учурлар да болду. Курманбек Бакиев бийликке келгенде Феликс Кулов соттун чечими жок эле бошонуп, а түгүл Бишкектин коменданты болуп жүргөндүгүн жакшы билесиздер. Андай көрүнүштөр коомдо сот адилеттүүлүгүнүн аброюна аябагандай терс таасирин тийгизчү. Саясый кырдаалды жасалма түрдө курчутууга да түрткү боло турган. Анткени, айрым саясатчылар “азыркы бийлик каматса камата берсин, кийинки бийликтин тушунда элдик баатырдын ореолуна ээ болом, анан биздин көчөдө майрам болот” деген ойдо атайылап деструктивдүү иштерди жасашчу.

Сооронбай Жээнбековдун тушунда андай соттук чечимдерге саясатты, коньюнктуралык кызыкчылыктарды аралаштырбастан, сот адилеттүүлүгүнүн кыйшайбастыгынын, “преемственносттугунун”  принцибинин сакталуусун камсыз кылуу аракети болуп жаткандыгы көптөн үмүттөндүрөт. Алсак, жакында Жогорку Сот Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Кубанычбек Кадыров боюнча шаардык соттун чечимдерин бир кыйла жеңилдеткен менен бирок негизинен күчүндө калтырды. Ал эми Башкы прокуратура Ө.Текебаевдин адвокаттарынын жаңы жагдайлар боюнча Жогорку Соттун чечимин кайра кароо боюнча кайрылуусун четке какты. Ал эми шаардык соттун чечимин Жогорку Сот күчүндө калтыргандыгы үчүн экс-башпрокурор А.Салянова “эмне үчүн президент менин ишиме кийлигишип, актаттырбайт” деген мааниде нааразылыгын да айтты.
Биз деле жогоруда аталган адамдардын түрмөдөн тезирээк чыгып, бала-чакаларынын маңдайларында болуусун чын дилибизден каалайбыз, кудай ниети таза адамдын бирин да ал жакка туш кылбасын, бирок андай иштердин сот адилеттүүлүгү идеясына дагы бир жолу доо кетире турган саясый кийлигишүүлөр аркылуу эмес, таптаза укуктук жолдор аркылуу гана ишке ашырылышы зарыл. Мүмкүн, айрым иштерди кайра кароо созулуп кетээр же айрым чечимдерди жокко чыгарганга негиз жок деген вердикттер чыгаар, бирок кандай болбосун баары укуктук тилкеде гана чечилиши абзел.
Тилекке каршы, бул жагынан экс-президент Алмазбек Атамбаев адегенде эле ээрге кыйшык отурган. Же ал бийликке келери менен адам өлтүргөн деп айыпталып, камакта жаткан жан сакчысын бошоттуруп жибергенде эле элдин көбү андан түңүлгөн болчу. Аракеттеги президенттин бул жагынан сот адилеттүүлүгү принцибин бекем карманып жаткандыгы кубандырууда. Бул жагдайды соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган кадам деп бааласак жаңылышпайбыз.

БУЛАК:maalymat.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу