Президенттин кызы Алия Шагиева уулуна ат койду

Алия Шагиева 20-мартта көз жарган.

Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева уулуна Таир деген ысым ыйгарылганын өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, Шагиева 20-мартта көз жарган болчу. Кийин Алмазбек Атамбаев журналисттер менен жолукканда небересине кандай ат коюларын кыз-күйөөсү чечерин айткан.

Шагиева ошондой эле толгоосу кандай өткөнүн айтып, ошол учурдагы сезимдери менен бөлүшкөн.

«Оорудан улам акыл-эсимди дагы жоготуп коё сактадым», — деп жазды ал.

Алия 11 саатка созулган толгоодон кийин көптөн күткөн перзенти жарыкка келгенин баса белгилеп, ымыркайын көкүрөгүнө жаткырганда эң бактылуу мүнөттөрдү башынан кечиргенин жазган. Андан сырткары учурда наристенин ден соолугу чың жана татынакай экенин да билдирген.

Булак: sputnik.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу