Президенттин кызы Алия Шагиева кыргыз-казак чек-арасынан өтө албай көргөзмөгө кечигип кала жаздады

Президенттин кызы Алия Шагиева кыргыз-казак чек-арасынан өтө албай Киевде өтө турган көргөзмөгө кечигип кала жаздады. Анын уулу Таирди чек арадан өткөрбөй коюшкан. Жети айлык балага чет өлкөлүк паспорт керектелген. Бул туурасында Алия Шагиева өзүнүн Facebook баракчасына жазды. Белгилүү болгондой ал, күйөөсү жана уулу менен Казакстан аркылуу Киевге сурөтчулөр көргөзмөсүнө бараткан.

“Самолет Алматыдан Киевге учмак. Казакстандын чек-арасын өтөөрүбузду эске алып кечки саат 9-10 дордо жолго чыктык. Кыргыз-казак чек арасында 2 саат кезек кутуп турдук. Жиндидей болуп өзүбуздун машинабыз менен барып алыптырбыз. Көрсө, такси менен келип жөө эле текшерүүдөн өтүп, Казакстанга киргенде ал жактан кайра таксиге тушүп аэропортко жетип алсак болмок экен. Колумда кичинекей балам бар. Рейске кечигип калабыз деп сарсана болуп баштадым. Көзөмөлгө жеткенде кызыктын баары башталды. Таирдин чет элдик паспорту жок аны менен эч жакка учууга болбойт экен. Ошол учурда Костя экөөбуз жети айлык балага да ошондой паспорт керек экенин билдик. “Эч кандай көргөзмөгө, эч жакка барбайбыз, Кеттик үйгө” – деп ачуулана баштадым. Анан экөөбүз аргасыздыкка бардык. Таирди Костянын чоң апасына таштадык” – деп жазат Алия Шагиева

Ал, куйөөсү экөө Алматыда рейсине жетишпей калганын жазды. Кийинки самолет менен Киевге барышкан.

Булак: 5news.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу