Президенттин коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшү натыйжа бере баштады.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Бишкектеги компаниялардын бири салык жашырып жүргөнүн аныктады. Бул тууралуу аталган кызмат кабарлады. Маалыматта айтылгандай, аталган кызмат салык мыйзамдарын аткаруу боюнча текшерүү жүргүзгөн. Анда белгилүү болгондой, аталган органдын Бишкек шаардык башкармалыгы ишкерлердин үстүнөн каржылык текшерүү жүргүзүп, натыйжада өзгөчө көлөмдөгү салыкты жашырган “А.К” ЖЧКсын аныкташкан. “Текшерүү учурунда бул жеке компания ар кандай каржылык мыйзам бузууларга баруу менен 53 млн. сом салыкты жашырганы аныкталды. Учурда КЖКнын 213-беренеси менен кылмыш иши ачылып, тергөө башталды. Мындан тышкары, бул ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн атына дагы алты ЖЧК катталган, алардын дарегине да ири көлөмдөгү товарлар келип, бирок, салыктар төлөнгөн эмес. Учурда ЖЧКнын ээси камакка алынды, тергөө жүрүп жатат”, — деп айтылат билдирмеде.
Президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы катуу талабынан кийин коррупцияга каршы күрөш чечкиндүү башталды. Бул аралыкта бир топ ири суммадагы мыйзамсыз каражаттар аныкталып, алар четинен мамлекетке кайтарылууда. Буга чейин президент тарабынан каржылык мыйзам бузууларга каршы кардиналдык күрөшүү боюнча катуу тапшырмалар берилген эле. Эми ал өз жемишин берүүдө.

БУЛАК: maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу