Президенттин коррупцияга каршы күрөшүү катуу талабы Бишкек ТЭЦиндеги кыңыр иштерди таба баштады

Кыштын кычыраган суугунда жаңыдан гана жалпысынан 406 млн долларга модернизацияланган Бишкек ТЭЦинин иштен чыгып калып, шаардыктарды бир нече күн бою үштүкөнүнөн кийин көптөгөн кыңыр иштердин учу булайып чыга баштаганы маалым. Кычкачтын 650 долларга, видео көзөмөл камерасынын 14500 долларга документтештирилгени – бул бери гана жагы болууда. Мындан башка дагы толтура былыктар чыгышы күтүлүп турат.

Андыктан буга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 3-апрель күнү «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев жана ТЭЦти модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов укук коргоо органдары тарабынан кармалды.

Ошондон бир күнү мурун, 2-апрелде эле УКМК Бишкек ТЭЦинин, «Электр станциялары» ААКнын жана «Улуттук энерго холдинг» ААКнын бир нече кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин («Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабышы») 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш ишин козгогон. Кыдырбаев менен Бримкулов дал ушул берене боюнча айыпталууда.

Албетте, бул кылмыш ишинин алкагында аттары аталган экөөнүн кармалышы – бул биринчи гана кадамы десек туура болот. Азырынча анча чоң эмес «киттер» кармалды. Эми дагы тереңден иликтөөлөр жүрсө, ТЭЦти модернизациялоодо каражаттарды максатсыз пайдаланууга жол берген башкы «киттер» кылтакка илиниши мүмкүн.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу