Президенттин бир сөзү Кенекеевдин багын ачтыбы?

Ооба чындап эле шайлоо жакындап калган учурда Алмазбек Атамбаевдин «Дайыр чындап эле Манастын тукуму экенсин деп айткандыгы көпчүлүктүн көңүлүн ошол замат эле өзүнө буруп калган. Айткандай эле көп убакыт өтпөстөн эми минтип кыргыз өкмөтүнүн орун  басары болуп калды. Буга чейин чөн кызматта мамлекеттик мүлктү жетектеп Талас областыны губернатору болсо да ким экендиги жамы журтка белгисиз инсан эмес беле. Албетте жашы 43тө болуп, ал тууралуу чыккан маалыматтарга ишенсек бир нече тилди билип, окуусунун баарын жалаң мыкты деңгээлде аяктаган экен. Ошондой эле болсун.

Анан дагы «Ачык саясат» газетасынын жазып чыгарганына ишенсек Кенекеев шайлоо башталганда Темир Сариевге катуу жан тартып. аракет кылып беришкендигине Таластыктардын ачуусу катуу келген имиш. Ал эми дагы бир басылмада болсо «Дайыр Кенекеев эки жаш селки менен Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде сейилдеп жүрөт»,- деген маалыматты да таратып жиберишиптир.

Премьер Сапар Исаковдун өзүнө окшогон жаш күчтөргө ык коюп жаткандыгынын белгиси да өңдөнүп калды. Аны мактаган жагдайларга дагы бир ирээт көз салсак Таласта өткөрүлгөн жети күн, жети түн «Манасты айтууну» уюштурууга өзү демилгечи болуп, кетирген каражатты дагы жанынан чыгарган экен.

Демек, өкмөт жетекчилигин катарынан орун алган Кенекеевдин ишин жана портретин оң да терс да  көрсөтүп келишиптир. Басым жаштарга жасалып жаткандыгы негизинен туура эледир. Кенекеевге өтө орчундуу болгон тармак, реалдуу экономиканы жетектөө шыбагасы тийди. Кичине чыдай туралы, чындап эле жетекчиликке татыктуу инсанбы жэ өлкө жетекчисинин мактоо сөзү жөн гана бактысын ачып кеттиби?  Аны далилдей турган учур деле алыс эмес.

Булак: ARGUMENT.KG 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу