Президенттин алгачкы кадамдары

Жаңыдан шайланган президент Сооронбай Жээнбеков өтө жогорку даражалуу кызматына киришээри менен эмнени кандай иштегенден баштады? Эң алгач эле өзүнүн инаугурация мезгилиндеги берген убадасын аткарды. Эң биринчи жарлыгы менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Кыргыз Республикасынын баатыры» наамын ыйгарды. Мындай кадам коомчулукту тепетең экиге бөлүп салгандай болду. Бир тобу, анын ичинде Шайлообек Дүйшеев, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы «бул абдан туура кадам болду»,- деп эсептешүүдө. Ал эми өткөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева болсо «Бул маселе өтө талаштуу» экендигин айтат. Анын оюу боюнча «Атамбаев алты жылдын ичинде Путинге же өзү сындаган Назарбаевге окшоп иштеген жок. Путиндин сайтын карап көрсөк бир күндө 5-6 кеңешме өткөрөт. Ыраакы Чыгышка чейин тез-тез барып келет. Атамбаев антип иштеген жери жок»,- деп айтты. Бирок, баардыгы Атамбаев бийликти тынчтык жолу менен өткөруп берип, Борбордук Азияда башкача бир үлгү жаратты деп эсептегендер да арбын.

Жаңы президенттин дагы бир кадамы, ал кабинетине өлкөнүн премьер-министри Сапар Исаковду, Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековду жана Жогорку соттун төрайымы  Айнаш Токбаеваны чакырып кыскача кеңешме өткөрдү. Бул маселе да коомчулуктун көз жаздымында калган жок. Биринчи декабрдан ишине толук кирише турган, конституция боюнча бийликтин көбү өкмөт башчысына  оой тургандыгы белгилүү. Ал эми президент мындай кеңешме өткөрүү менен «баары-бир негизги бийлик менде»,- деп айткысы келдиби деп суроо койгондор да жок эмес. Ошондон улам «чыныгы бийликти колго алыш үчүн президент менен премьер-министрдин ортосунда көшөгө артындагы кармаш жүрбөйбү»- деген ой-пикирлер да жаралбай койгон жок.

Сооронбай Жээнбеков күтүлүп жаткандай эле алгачкы расмий сапарын Москвага жасай тургандыгы белгилүү болду. Андан кийин ЖККУнун жыйынына катышат. Бирок анда кийинки мезгилде мамиле курчуп кеткен Казакстандын жетекчиси менен жолугушуу болжолдонгон эмес. Президенттин аппаратттын кызматкерлеринин айтымына караганда тыгыз график мындай жолугушууга мүмкүндүк бербейт экен.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу