Президенттин агасына экинчи өлкөдө да элчилик кылууга укук берилди

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргызстандын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жусупбек Шариповго Молдовадагы элчилик милдетти айкалыштырып аткарууга макулдук берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, мындай чечим бир добуштан кабыл алынды.

Буга чейин да Украинадагы кыргыз элчилери бул кызматты кошумча Молдова республикасында аткарып келишкен.

Жусупбек Шарипов Кыргызстандын Украинадагы элчилигине былтыр 16-ноябрда дайындалган. Ага чейин, 2014-жылдан 2017-жылга чейин Кувейт, Марокко, Иордан Хашимит жана Бахрейн королдуктарында элчи болуп иштеген.

Жусупбек Шарипов президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу