Президенттик шайлоо эки этап менен өтөт?

Коомчулукта талкуу болуп жаткан президенттик шайлоо эки этап менен өткөрүлүшү мүмкүн болуп калды. Кандай болгон күндө да бийликтин алдын ала даярдап жаткан пландары боюнча анализ жүргүзүп көрдүк. Учурда СДПК партиясы президенттикке Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүштү. Эми жакын арада түндүктөн деп Чыныбай Турсунбековду алып чыгуулары мүмкүн экен. Ошентип түндүк менен түштүктүн балансын бириктирип, биринчи этапта экөө утуп чыгып, экинчи турга ат салышат. Анан Сооронбай утуп чыгып, президент болуп калышы ыктымал. Ал эми Чыныбай Турсунбековго премьер-министрлик же президенттин аппарат башчылыгы тиет. Ал эми Сапар Исаков премьер министр болушу мүмкүн. Бул СДПКнын гана планы, ал эми алдыда шайлоо кандай болот, ага чейин дагы кандай өзгөрүүлөр болот аны убакыт көрсөтөт.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу