Президенттик шайлоонун күнүн белгилөөдө ким жеңет: бийликпи же чындыкпы?

Ушул жылдын күз айында болчу президенттик шайлоону августка жылдыруу сунушун “Ата Мекен” фракциясы демилгелеп чыкты эле.

Анын учурдагы лидери Алмазбек Шыкмаматовдун айтымында, 19-ноябрга шайлоо белгилене турган болсо, Алмазбек Атамбаевдин бийликтеги алты жылдык мөөнөтү узарат да, бул мыйзамдын одоно бузулганын билдирет.

Шайлоо жараяны эки айдан ашуун убакытты камтыгандыктан, 27-августта шайлоо өтсө, БШК добуштарды санагыча, жыйынтыкты коомчулукка тараткыча, анан да эгер талапкерлер арасында шайлоонун жүрүшүнө нааразы болгондор табылса, алар сотко кайрылгыча, сот чечимин чыгаргыча, жаңы шайланган президент ант бергиче… айтор, койчу, толгон-токой маселелер чечилгиче, үч айга жакын убакыт керектелет. Ошондо, 19-ноябрда президенттик шайлоо өткөрулсө, жараяндын калган этаптарын басып өткүчө, тээ чокуда отурган адам бийликти мыйзамсыз басып алган болот экен да.

Албетте, мындай сунуш жогору жакка жакпады. Ал тургай, БШКнын айрым мүчөлөрү, “Ата Мекендин” сунушу туура экенин айтышканына карабай, “сүйлөгөн сүйлөй берсин, баары бир мен айткандай болот”- позициясындагы бийлик ээлери камырап койбоду.

Парламент бул маселе боюнча эки жаатка бөлүндү: айрымдары президенттик шайлоону 15-октябрга өткөрүүнү туура деп тапса, калгандары 1-октябрды карманышты.

Вице-спикер Данияр Төлөновдун айтымында, шайлоону 15-октябрга белгилеген туура.

“Эгер биз шайлоону 19-ноябрга белгилесек, БШКнын расмий жыйынтыгына да, жаңы президенттин инаугурациясына да жетишпейбиз. Шайлоо биринчи тур менен эле өтөт деген кепилдик да жок. Экинчи тур Конституцияга ылайык, биринчи турдан 30 күн өткөндө болушу керек. Ошондуктан, 19-ноябрга шайлоону белгилөө такыр мүмкүн эмес. Мында оптималдуу вариант – 15-октябрь”,- дейт вице-спикер.

Биздин өлкөдө бардык иштин “кепилдиги” бардыгын вице-спикер унутуп калган көрүнөт. Мөөнөт 6 жылдан ашып кетерине карабай, 19-ноябрга деп “ык” салып тургандардын билгени болсо керек. Балким, шайлоо бир эле тур менен өтөөрүнө, БШК добуштарды санап убара болбошуна, баары алдын-ала түзүлгөн план менен он күндүн ичинде баарына жетишээрине кепилдик бардыр.

Булак: Майдан.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу