Президенттик шайлоодо эң көп шансы бар талапкерлер

1.Өмүрбек Бабанов: Кыргызстандын жалпы аймагында туруктуу электораты жана жаштардын басымдуу бөлүгү колдойт. Айрыкча кыз – келиндер ойлонбой туруп Бабанов деп тандашат. Себебин өздөрү дагы билишпейт. Ошол эле убакта акча тагдыр чечкен Кыргызстанда Бабановдун байлыгы чоң мүмкүнчүлүк берет.

2.Өмүрбек Текебаев: Кыргызстандын эгемендүү тарыхында кыргыз саясатынан түшпөгөн Өмүрбек Текебаев акыркы жарым жылдыкта кадыр-баркын көтөрүп алды. Атамбаевдин бийлигин жактырбаган катмардын баары Өмүрбек Текебаевдин тандашат. Эгер, БШКдан мыйзамдуу катталып, талапкер катары жарышка чыкса жетиштүү добуш алганга шарты бар. Себеби, Өмүрбек Текебаев элдин жүрөгүнөн түнөк таап калды. Тарыхый бурулуш маалында Текебаевди колдоп кете тургандар абдан көп.

3.Темир Сариев: Башка талапкерлерге караганда ишенимдүү аяк салып, катуу даярдын көрүү менен өзүн активдүү көрсөтүп жаткан Темир Сариев Кремль колдогон саясатчы катары айтыла баштады. Канча аракет болбосун, орус бийлиги колдобосо президент болуш кыйын деген ишенимди карманган бир катар саясатчылар Темир Сариевдин тегерегине топтоло башташты.

4.Адахан Мадумаров: Кыргыз саясатында “модадан” түшпөгөн саясатчылардын бири Адахан Мадумаров. Туруктуу электораты бар, 2011-жылдагы президенттик шайлоодо 2-орунду алуу менен күчүн көрсөткөн. Ал убакта революциялык духта Убактылуу өкмөттү сыйлаган катмар көп болчу. Азыр, Убактылуу өкмөттүн кадыры кетти, демек Адахан Мадумаровдун калыстыгын сыйлаган шайлоочулардын саны дагы көбөйдү. Президенттик тактыга татыктуу талапкер.

5.Бакыт Төрөбаев: Талапкер катары көп талкууга түшпөгөн бирок, күчтүү уюштургуч Бакыт Төрөбаев президент болууга толук шарты бар. Ал, убадасына турган жана аны аткарган жалгыз саясатчы. Жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда алдыга утуп чыккан партияны жетектейт. Кыргызстандын бардык аймагында жетиштүү электораты, командасы бар. Артыкчылыгы – жаштыгы, байлыгы.

6.Сооронбай Жээнбеков: Соолуган гүлдөй көрүнгөн Сооронбай Жээнбековго акыркы убакта эрк пайда болгонсуду. Ал, “чык э!”,-деп опурулуп жатып элдин көнүлүн өзүнө бурдургансыды. Бирок, анын мындай пиарын эл тескери кабыл алып талкуулап жатышат. Саясатчы катары ал өз алдынча элдин көзүнө көрүнө алган эмес же топ жарып сүйлөп эл баштай элек. Ошентсе дагы анын шансы көп. Бийлик ресурсу.

7. Талапкерлер – Турсунбек Акун, Турсунбай Бакир уулу, Ахматбек Келдибеков, Жамбыл Камчиев жана мен. Бизде анча деле шанс жок туугандар. Элге кошулуп дүрбөп койдук. Жогорудагы чоң саясатчылардын ортосунда шайлоо, тиреш жүрөт. Татыктуусун алардын арасынан издегиле.

Маалымат фейсбуктан алынды

Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу