Президенттик шайлоодо алып баруучулукта куудулдар Тынар … сом, Абдылда Иманкулов… алды…

10-сентябрда КРнын Президенттигине талапкерлердин үгүт иштери башталды. Кудай
буйруп насип кылса, Кыргызстанда 1 ай кулакка лапша илмей, тарс-турс этилип салютттар
атылмай, ырчылардан акысыз концерт бермей, талапкерлерге ак чепкен жаап, ак калпак
кийгизмей, атка мингизмей, “мени жыга чапты”, деп сотко бермей, бири-бирин сатып кетмей,
кыскасы кызыктуу оюндар, жаш балдардын оюнуна таандык “анни – манни — жүзү” эми
башталат.
Ошентип, мен ырчымын дегендер так ушул таптарда өздөрүн салабаттуу көрсөтүп, мени
угуучулар көп демиш болуп, өздөрүн «курска» коюп турган кездери башталды. Алдыңкы
ырчылардын баасы 25 миң – 30 миң долларды чапчыса, арты 5 миң долларды чапчыйт.

Бүгүн эле үгүт иштеринен, билгилүү куудулдардын бири Абдылда Иманкуловду, Өмүрбек
Бабановду колдоп жүргөнүнө күбө болдук. Бизге жеткен маалыматтарга караганда Абдылда
Иманкуловго, Бабанов кызмат акысына 15 миң доллар төлөп берген.

Ал эми саясый сатирасы менен бийликке, айрыкча Мээрбек Мискенбаевге жакпай, борбордук сахнадан айрылган, Тынар Курбаналиевге дагы бийликтин, менмин деген талапкери 50 миң доллар сунуштаган.
Тактоо иретинде Тынар мырзага, “алла, алло” кылып ахыбалын сурап, президенттик шайлоодо кайсы талапкерди колдойсуз?”, -деген сурообузга, “кыргыздын келечегин ойлогон, мыкты инсанды гана колдоймун, мага акча эмес, аброй менен намыс өйдө турат”, — деп
шерденди. Эми,Тынар Курбаналиевдин балбылдаган чоң көздөрү акчаны көргөндө алдан тайып ары жака кетеби…байкап туралы…

Буюрса, Тынар мырза кайсы талапкерди колдоп, канча акча алып, капчыкка салгандыгы тууралуу окурмандарыбызга сөзсүз кабарлайбыз.


Булак: NazarNews.k
g

Аргумент.kg
Жооп калтыруу