ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТ ЖЭЭНБЕКОВДУН АНТ БЕРҮҮ АЗЕМИНЕ КЕЛБЕГЕН ОТУНБАЕВА УНУТУЛУП КАЛГАНЫН АЙТТЫ

Кечээ, 24-ноябрда  Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президенттик кызматка расмий түрдө киришкен Сооронбай Жээнбеков инаугурациясы өттү.

Аземге 450 адам чакырылган. Иш-чарада экс-президент Роза Отунбаева көрүнгөн эмес. Бул коомчулукта ар кандай пикирлерди жараткан. Президенттик аппараттан  массалык маалымат каражаттарына билдиригендей,  Отунбаева Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземине чакырылган эмес. Роза Отунбаеванын унутулуп калганын айтышты.

 «Президенттик аппарат: Отунбаева Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземине чакырылган эмес. Унутулуп калыптыр”, – дешти.

Роза Отунбаева – Кыргызстандын бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берген алгачкы экс-президенти жана Борбордук Азиядан чыккан алгачкы президент айым.

Борбор Азиядагы биринчи аял президент Роза Отунбаеванын ант берүү аземи 2010-жылы 3-июлда болгон. Ал өлкө башчысы болуп 27-июнь күнү референдумда шайланган.

Ант берүү аземи Бишкек шаарындагы Улуттук филармониянын имаратында өтүп, Р.Отунбаева кортеждин коштоосунда келген. Аземдин башында БШКнын башчысы Акылбек Сариев референдумдун расмий жыйынтыгын билдирген. Анда кыргызстандыктардын 90%дан ашыгы жаңыланган конституцияны жана өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева болуусун колдогон.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу