Президенттик шайлоо мөөнөтү боюнча парламенттик угуу учурунда депутат Алмамбет Шыкмаматов шайлоодо I, II тур, соттук териштирүүлөр сыяктуу жагдайларды эске алуу менен Президентти шайлоо мөөнөтүн 1-октябрга жылдырса туура боло тургандыгын айтты.
Жыйындын жүрүшүндө 2 миллион сомдук Президенттик шайлоого талапкерлер күрөөгө коё турган суммасы өтө жогору экендиги, муну менен бир катар ат салышам деген жарандардын укуктары корголбой кала тургандыгы боюнча жана 7% шайлоо босогосун 9%га жылдыруу дагы эртелик кылат деген пикирлер айтылды. Мындан сырткары, күрөө көлөмүн 500 миң, 1 миллион сом өлчөмүндө белгилөө боюнча сунуштар айтылды.
Депутат Иса Өмүркулов мыйзам долбоору боюнча маанилүү талкуу жүрүп, олуттуу сунуш-пикирлер түшкөндүгүн, алар мыйзам долбоору комитеттин жыйынындагы талкууда эске алына тургандыгын билдирди.
Жыйынтыгында парламенттик угууда айтылган сунуш-пикирлердин негизинде резолюция кабыл алынды.
Булак: Каганат