Президенттикке барбайт, бирок…

Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков  журналисттерге пресс-конференция берди. Журналисттердин суроолоруна түз жооп бербей  чаргытып, айрым суроолорго «чагым жыттанат» деп  жооп бербей да койду. Баарынан дагы «Президенттикке аттанам десем атаандаштарым коркуп кетип ар кандай кара пиарларды уюштуруп жиберди»,- деп угуп-көрүп отургандардын келмесин ооздон түшүрдү.

Ошондой эле, партиялаштарым менин президент катары көргүлөрү келишкенин, үй-бүлөдө деле атасынын айтканы менен макул болбогон бала болоорун, ошол бала Турсунбеков экенин, атасынын айтканы менен макул болбой өз пикирин билдирген баланы кодулаган   туура эместигин айтып актанды. Акырында, президенттикке барбай турганын билдирип, бирок кимди колдоорун айткан жок.  Төрагалык орун мыйзам чегинде чечилээрин билдирип, мен өз каалоом менен кетпейм дегенди кыйытты. КСДПга ак кызмат кылганын, партиядан чыгарууга эч себеп жоктугун да кыстарып өттү.

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу