Президенттер оңой эле ыргып кетип аткан заманда Чыныбай Турсунбеков кеп бекен?

«Чык татырбас Чыныбай» деген лакап атка айланып кеткен Турсунбеков «президенттик
шайлоого чыга коём» деп оолугуп, кутулбас куяга калгандай эле артынан болгон
«балээни» ээрчитип алганы тар чөйрөгө маалым. Орто жерден президенттин каарына
калып, кыйпычыктап атып кырдаалды жайгарды окшойт. Бирок, аны спикерлик
кызматтан кетирүү жагы тымызын маанайында күн тартибинде кала бергени, сентябрь
айында жогору жактын буйругу менен парламент лөктөрү аркылуу төрагалык кресло
талашка түшүп, саясый интригалардын айынан Чыныбай Турсунбеков ордунан ыргып
кетиши мүмкүндүгү болжонууда. Кыргызстанда президенттер оңой эле ыргып кетип
аткан заманда спикерлик орун кеп бекен? Чыке чынында эле сырын алдырып койду.
Аягы жакшы бүтпөйт го…

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу