Президентке өзгөчөлөнгөн кайрылуу жолдонду

Коомдук активист Мелис Аспеков Президент Сооронбай Жээнбековго социалдык тармак аркылуу кайрылуу жолдоду. Анда ал Президенттин беш маал намаз окуурун баса белгилеп,  Кыргызстандын келечеги үчүн түнкү тахаджут намаздагы дуаларыңыз жараткан Аллах Талаага жетет деген ишенимин билдирип, өзүнүн кызыктуу сунушун да жөнөтүптүр.

Коомдук активисттин оюу боюнча Президент Канатбек Исаевдин ишин толугу менен тергөөдөн кыскартып, КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып бекитип, ал эми Садыр Жапаровду толугу менен күнөөсү жоктугунан актап, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындоону сунуштаган. Ошондо Президенттин эл алдында кадыр-баркы абдан өсөөрүн баса көрсөткөн.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу