Президентке курч суроо берген журналист кызматтан кеткенин айтты

«Супер инфо» басылмасынын кабарчысы Автандил Добулбеков 24-июлда президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынынан кийин иштен кеткенин бүгүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда кабарчы «Кечээги президенттин маалымат жыйынынан кийин белгисиз мөөнөткө “сүргүнгө” кетип жатам. Чолпон-Атадан кайтып келсем, редакция мага сюрприз даярдап коюптур. Кудай буюрган күнү жүз көрүшөбүз!» деп жазган.

Басылманын редакциясы журналисттин жазганына эч кандай комментарий берилбесин «Азаттык» радиосуна билдирди.

«Супер инфо» басылмасынын кабарчысы Автандил Добулбеков 24-июлда президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынында мамлекет башчыга курч суроолорду берген.

«Супер инфонун» ээси — Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанов. (ZKo)

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу