Президентке Аксыдан ачык кат: Бул жерде бир «жашыруун сыр» бардай…

Кыргыз Республикасынын президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичке

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундарынан

А Ч Ы К  К А Т

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Учурда Өлкөбүздө бир топ саясий өзгөрүүлөр болуп, сиз Кыргызстандын элинин толук колдоосу менен Өлкө башчысы болуп шайландыңыз. Өлкө башчысы катары мындан аркы Өлкөбүздүн өнүгүү стратегиясынын багыттарын аныктоо биринчи кезекте бардык мамлекеттик органдарда «Гүлдөп-өсүп жатканда» коррупция менен күрөшүүнүн зарылдыгын белгиледиңиз. Коррупция, мыйзам бузуулар менен күрөшүү эч качан токтобой тургандыгын, бул Өлкөбүздүн өнүгүшүндөгү негизги багыт экендигин дайыма баса белгилеп келе жатасыз. Бул карапайым элдин көптөн бери күткөн үмүтү болгондуктан колдоого алынып, эл сизден жаңы үмүттөрдү күтүүдө.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Биздин атуул катары сизге айтайын дегенибиз, бул иш аракетти Аксы районунун айрым мамлекеттик органдары канчалык деңгээлде ишке ашырып жатат. Себеби, алар сиздин саясатыңызды колдоого милдетүү, элден чогулган «Акурдан жем жешет» болгондо дагы «майлуу- сүттүүсүнөн» Аксы РБББнүн башчысы болуп, 2015-жылдын 14-октябрынан бери Зыябекова Угулай Медетбековна иштейт. Райондо билим берүү тармагында: мектеп, 3 300 кызматкер иштейт. Көрүнүп тургандай мекеме чоң. Угулай Медетбековна өзү иштеген учурда кандай «ийгиликтерди» жаратканын билбейбиз бирок, бир топ финансылык мыйзам бузууларды жасагандыгы, коррупциялык иштерге аралашкандыгы жөнүндө атайын мамлекеттик органдар тарабынан фактылар аныкталып жаткандыгы чындык.

Кыргыз Республикасынын МУКК нын Жалал-Абад облусу боюнча ТБ нүн ОМИ боюнча юстициянын подполковниги Зулпиев Н. тарабынан 172-17-99 сандуу кылмыш иши боюнча атайын мамлекеттик органдар тарабынан фактылар аныкталып жаткандыгы чындык. Токтомдо: Кылмыш иши боюнча Зыябекова Угулайга КР. КЖКнын 304-беренсинин 2-бөлүмү, 306-берененин 1-бөлүмү боюнча айыбы угузулган. Угулай Зыябекова 1-4-класстарга берилүүчү шашке чай үчүн тендер өткөрүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргендиги аныкталган. Же коррупциялык схеманы жетектеп, 1-4-класстарга наристелердин «ырыскысын талашкан» деген корутунду чыгарылган.

Учурда кылмыш иштери боюнча иш сотко өткөрүлүп «ар түрдүү» себептер менен «Чубактын кунундай чубалып» сот ишин артка жылдырып келе жатат. Коомчулукта сот ишинин аягына чыкпай жаткандыгы ансыз да «Сот адилеттигине, судьялардын ишмердүүлүгүнө» элдин ишеними «өтө төмөн» болуп жаткандыгы күмөн жаратууда.

Элдин арасында «Карга карганын көзүн чокубайт» деген пикир калууда. Мисалы: бир топ, коруупциялык иштерди жасап, Аксы элинин канын соргон КР нын мамлекеттик эсептөө кызматынын Аксы райондук ЗАГС бөлүмүнүн башчысына окшотуп, ротация кылып тынчыйт деген ой келүүдө. Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сот реформасын ишке ашыруу боюнча «2018-жылдын 17-майында өткөрүлгөн кеңештин 1-жыйынындагы сөзүңүздө Өлкөбүздүн сот системасындагы «коррупцияны, мыйзам бузууларды» ачык айкын белгилеп, сот системасын түп-тамырынан реформа жасоо зарылдыгын баса белгиледиңиз. Бул туура кадам!

Ал эми Аксы районунун сотунун судьялары ушул реформага даярбы?! Зыябекова Угулайдын сот ишинин улам артка жылып, «Балта көтөргөнчө, дөңкөч эс алат» болуп жаткандыгы эмнени каңгуулайт. Бул жерде бир «жашыруун сыр» бардай! Сиз өз сөзүңүздө «Акыйкат иш-Ат мингизет, ачкөздүк-көргө киргизет»-деп таамай айттыңыз. Аксы райондук сотунуну судьясы Батыралиев Кайрат Абдуллаевич «Акыйкат иш жасап, Ат минеби? же ачкөздүк кылып, көргө киреби?» Бул жагын күтө туралы. Акыркы сотттун чечими 2018-жылдын 25-майында чыгат.

Негизинен биз, Зыябекова Угулай Медетбековнанын кылмыш иши боюнча «күнөөлүү» же «үнөөлүү эмес» деп айта албайбыз, аны тиешелүү Сот гана аныктай алат. Бирок, ушундай кырдаалда Зыябекова Угулай Медетбековна Аксы РБББ нүн башчысы болуп «сакталып турууга» моралдык «укугу барбы?» деген суроо пайда болот! Урматтуу Сооронбай Шарипович! Сизден «Сот реформасын жана коррупция менен иш козголголгон атка минерлерди» жоопко тартат деген элдин ишеними өтө жогору! Ушул ишти өз көзөлүңүздө карап, Аксы райондук билим берүү тармагында акыйкаттык орнотуп бериңиз?

Терең урматтоо менен,

1. Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Керимкулов Тилеген.

2. Кара—Жыгач айылдык кеңешинин депутаты Ызаканов Мамбеталы

3. Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаты Турдубаев Мурат

4. Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты Анарбаева С

5. Кербен шаардык кеңешинин депутаты Тушкулов Чолпон

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу