Президенти «мультимиллионер» Кыргызстан 50 жакыр өлкөнүн катарына кирди

Американын Global Finance каржы басылмасы дүйнө жүзүнүн эң бай жана эң кедей өлкөлөрүн аныктап рейтинг түздү. Анда Кыргызстан 148-орунга илинди.

Былтыркы көрсөткүч боюнча Кыргызстан 142-орундан 148-орунга түшүп алты позицияга артка жылган. Кыргызстан тизмеде Папуа Жаңы Гвинеясы менен Жибути өлкөлөрүнүн ортосунда жайгашып калды. Рейтингди жүргүзүүдө басылма Бүткүл дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун маалыматтарына жана жан башына өндүрүлгөн ички дүң продукциясына таянуу менен чыгарган. Эң бай 10 өлкөнүн катарына Катар, Люксембург, Макао, Сингапур, Бруней, Кувейт, Ирландия, Норвегия, Бириккен Араб Эмираттары жана Сан-Марино кирген. Эң кедей өлкөлөрдүн катарына Борбор Африкалык Республикасы, Конго демократиялык республикасы, Бурунди, Либерия, Нигер, Малави, Мозамбик, Гвинея, Эритрея, Мадагаскар жана Коморы мамлекеттери илинген.
Эсиңиздерде болсо, 28-февралда Россиянын президентти Владимир Путин менен Кыргызстандын президентти Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусу болгон эле. Бул жолугушууда “Текебаевдин иши саясий куугунтукпу”-деп журналисттер суроо берсе ага президент: “Мен биринчи жолу 2010- жылы элдер каза болгондо айтканмын эл өлүп жатканда кээ бир адамдар миллиондорду алып атышкан жеп алган. Мен кечээ Россиялык сайттан окудум, Маевскийге суроо беришиптир эмнеге ушул убакка чейин унчукпай жүрдүңүз десе, ал мен бийлик тараптан чара көрүлбөйт деп ойлогом дептир. Эмки президенттин “духу” жетеби билбейм, бирок мен мындай иштерди аягына чейин чыгарам. Баары ойлоп жатышат, менин да Текебаевдер менен “доля” да деп. Бирок алар жаңылышат. Мен бардык акчамды өзүм иштеп тапкам мен доллардык мультимиллионермин.”- деген эле Алмазбек Атамбаев.

Өлкөнүн президентти мультимиллионер ал эми өлкө өзү дүйнөдөгү 50 жакыр өлкөнүн ичине кирүүдө. Эң бир кызыктуу фактылардан, мындай түшүнүксүз суроолорго ким жооп берет белгисиз…

fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу