ПОМИДОР — ТЕРИГЕ БЫРЫШ ТҮШҮП КЕТҮҮДӨН САКТООЧУ ЖЕР-ЖЕМИШ

Биз күнүмдүк турмушта көп колдонгон, бакчаны ансыз элестете албаган жер жемиштердин бири помидор тамшанткан даамга ээ болуу менен гана чектелбестен, косметологияда, саламаттыкта пайдасын тийгизген жакшы сапаттарга ээ. Буга анын курамынын түрдүү витаминдерге, кислоталарга, минералдарга жана элементтерге бай экени негиз. Андыктан, биз бүгүн помидордун ушул жааттагы сапаттарын ачууга аракет кылдык.

Саламаттыкта

Помидор ашказан жарасын жана он эки эли ичеги ооруларын жаратуучу себептерге каршы туруучу жакшы каражат. Ал үчүн 15 күн бою күнүнө 3 жолу тамактан кийин помидордун жаңы сыгылган ширесин (100 г) туз кошпой ичесиз. Дарылоону 10 күндүк тыныгуудан кийин дагы бир ирет кайталоо зарыл.

Муну өттөгү таштарды эритүү үчүн да колдонсо болот. 200 г жакшы бышкан ашкабактын маңызына бир аз каймакмай кошуп аралаштырып, ал массаны жаңы сыгылган жана бир аз туз кошулган помидор ширесине (400 г) кошуп бири-бирине сиңире аралаштырасыз. Мындайдан бир жума бою күнүнө 2 жолу тамактан жарым саат өткөндөн кийин бир стакандан ичүү керек. Анан бир жумалык тыныгуу, кайра бир жумалык дарылануу кылып отуруп бул ыкманы 3 ай дегенде токтотосуз. Бирок, өтүндө ташы бар адамдарга помидордун өзүн жегенге болбойт.

Помидор атеросклерозго жана жүрөктүн ар бир оорусуна каршы турууда же алардын алдын алууда табылгыс каражат болуп саналат. Андыктан, аны салат катары, бүтүндөй эле же үй шартында сыгылган шире катары күнүмдүк рациондо чектебей кабыл ала берүүгө болот.

Авитаминоздон жабыркаган чачты, терини, тырмактарды калыбына келтирүү үчүн помидор диетасын кармоо керек. Ал үчүн туздалган капустанын суусун, алма ширесин жана жаңы сыгылган помидор ширесин теңме-тең өлчөмдө аралаштырып, бир аз шекер кошосуз. Анан мындай суусундукту 2 жума бою күнүнө 200 граммдан ичүү керек.

Күйүктү тезирээк калыбына келтирүүдө да помидор натыйжалуу жардам берет. Бул үчүн стаканга жарымына жетпегидей өлчөмдө помидор ширесин куюп, ага бир жумуртканын агын аралаштыруу кажет. Массаны күйгөн жерге былчылдата сыйпап туруп үстүн кургаганча таза целлофан, бинт менен таңып коёсуз.

Француздар помидорду “сүйүү алмасы” деп аташат. Себеби ал жыныс бездерин активдүү иштөөгө түртүүчү жана эркектин импотенциясын көтөрүүчү сапатка ээ экен. Мындайды каалаган шартта помидорду сарымсак, болгар калемпири, май, туз, аджико жана жумуртка менен бирге дымдап жесеңиз болот.

Жөтөлүп баштаган учурда аны тык токтотом десеңиз, жакшы бышкан помидорлорду жана ага ылайык өлчөмдөгү сарымсакты, хренди эт туурагычтан өткөрүп, булардын аралашмасынан тамакка чейин бир аш кашыктан ичип турасыз. Толук жакшы болгончо күнүгө 3 маал кабыл алуу керек.

 

Косметологияда

Жакшы бышкан 2 помидордун ширесин сыгып, ага бир аз буудай унун аралаштырып кебез менен бетиңизге тегиз кылып жабасыз. 15-20 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууп салсаңыз, бетиңиздин териси жумшак жана сыйда болуп калат. Бул маска териңиздин майлуу же кургак экенинен көз каранды эмес.

Ал эми териңиз кургак болсо, ага быштак кошулган помидор маскасы пайдалуу болот. 2 аш кашык майлуу быштакка 1 аш кашык жаңы сыгылган помидор ширесин, 1 аш кашык өсүмдүк майын кошуп бир чымчым туз себелейсиз. Бетке 10-15 мүнөткө коюлган бул маска териңизди азыктандырат жана нымдайт.

Каалаган майлуу кремден 1 чай кашык алып, ага жарым чай кашык каймакмай, 1 чай кашык майонез жана 1 чай кашык жаңы помидор ширесин кошосуз. Анан аралашманы бетиңизге тегиз жаап 20 мүнөттөн соң лосьон менен тазалап саласыз. Мындайда тери кургактыктан жана ар кыл тактардан арылат. Бул масканын күн ара жасасаңыз болот.

3-4 кат болуп кабатталган марляны помидордун жаңы сыгылган ширесине нымдап бетиңизге тегиз тийгизип жатыңыз. Марля кургайын деп калганда алып салсаңыз жана жарым сааттан кийин бетиңизди жуусаңыз болот. Бул ыкма терини майлуулуктан арылтат, жумшартат жана сыйда кылат.

Бир жумуртканын сарысы менен үй шартында сыгылган помидордун бир чай кашык ширесин жакшылап аралаштырасыз. Андан кийин муну бетиңизге текши кылып жаап 10 мүнөттөн соң жууп салсаңыз, териңиз жумшара түшөт. Бул маска териге бырыш түшүп кетүүгө да каршы турат.

Жаздын келиши менен бетке түшкөн сепкилдерди жок кылууга помидор натыйжалуу жардам берет. Бул үчүн анын ички маңызын алгач ботко абалындагыдай кылып эзип аласыз, анан эки бетиңизге тегиз сыйпайсыз да 20-25 мүнөттөн кийин салкын сууга жууп саласыз. Мындан кийин жүзүңүздүн өңү да жагымдуу болуп чыга келет.

Помидорду ашыкча салмактан арылууну жана арыктоону каалагандар ушул максатта колдонсо болот. Сиз алардын катарында болсоңуз, эртең мененкисин бир нече помидор жеп, көк чай ичиңиз, түшкүсүн бир помидор менен бир сындырым кара нан жеңиз, ал эми кечкисин помидор кошулган салаттан каалаганча жеп, кофе ичиңиз. Эрктүүлүк менен бул диетаны кармасаңыз, бир жумада 5 кг салмак таштай аласыз.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу