«Позитифф» командасы Астанада өткөн түрк тилдүү элдердин кубогунда баш байгени багынтты

25-августта мындан бир нече мүнөт мурда Казакстандын Астана шаарында болуп өткөн түрк тилдүү элдердин Жайдарман Лигасында Кыргыздан барган «Позитифф» командасы баш байгени багынтты. Бул тууралуу SUPER.KG’ге аталган команданын капитаны Актан Рыскелдиев билдирди.

Ал эми «тамашоучу» өздүк баракчасына кубанычтуу кабар дөнүндө буларды жазды: «Сүйүнчү! Кыргызстан сен үчүн! Жеңиш силердики. Жүрөгүмдүн ар бир согушу сиздер үчүн. Бизди колдогон ата-энелерибизге, дос-туугандарыбызга жана жалпы күйөрмандарга, казак туугандарга чоң рахмат!».

Жайдарман Лигасына Башкортостан, Татарстан, Казакстан, Өзбекстан өлкөсүнөн жана уйгур элинин оюнчулары катышышкан.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу