Пляждагы туристтердин үстүнө жар көчүп түштү

Жар көчкөн маалда пляжда жүздөгөн киши эс алып жүргөн.

Грециянын Закинтос аралында жар көчүп туристтерди басып калганын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыкты.

Окуя кечээ, 13-сентябрда дүйнөдөгү эң кооз делген туристтик жайдагы пляжда болгон. Бул кырсыкты күбөлөр видеого тартып алууга үлгүргөн.

​Бир нече турист ооруканага жаткырылып, бирөөнүн омурткасы жабыркаган. Жалпы жонунан жети адам жаракат алганы айтылат. Дарыгерлердин билдиришинче бейтаптардын абалы канааттандырарлык. Жергиликтүү бийлик пляжга түшүүгө убактылуу тыюу салды. Кырсык болгон учурда тегерек четинде жүздөгөн киши эс алып жүргөн.

​Адистер мындай көчкү дагы башка жерлерде да болушу мүмкүндүгүн эскертип жатышат.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу