Пластикалык хирургду кантип туура тандоо керек?

Сиз келбетиңизди өзгөртүүнү каалап жатасызбы? А бирок кайсы доктурга, кимге барууну билбей башыңыз айланып жатса анда төмөнкү кеңештер сизге жардамга келмекчи. Коомчулукта пластикалык операция жасатуу күн санап өсүүдө. Албетте мындай операция жасоодо билимдүү, тажрыйбасы мол, өз кесибине кылдаттык менен мамиле кылган адис адамды тандоо керек. Аларды кантип тандап алабыз?

Жарнамаларга эч убакта ишеним артпаңыз!

Мисалы: “Бизде бир гана өз ишин мыкты билгендер иштейт”, “Биздин адистер миңдеген операцияларды жасаган”, “Сиздин жүзүңүздү абдан сонун абалга келтиребиз” деген жарнамалар менен жазылган рекламаларга ишенбөө керек.

Эгерде сиз операция жасатууну чечсеңиз анда төмөнкүлөрдү изилдеп чыкканыңыз оң.

1. Жакын туугандарыңыздан, коллегаларыңыздан жана ишеничтүү тааныштардан кеңеш сураңыз. Алар кайсы доктурларды билет мына ошол боюнча кайрылсаңыз болот.

2. Бир эле учурда бир канча клиникаларга барып адистерден консультация алыңыз. Өзүңүзгө керектүү маалыматтарды тактап алыңыз.

3. Клиниканын уруксат алган документи бар болгондугун тастыктап алыңыз.

4. Пластикалык хирургдун диплому бар экендигине маани бериңиз.

5. Ар бир эле өз ишин мыкты билген адис сизге өзүнүн жасаган операцияларын көрсөтө алат.

5. Ошондой эле алар сизге операциянын этаптары боюнча толук маалыматты камсыз кылуусу керек.

6. Муну менен бирге сиз ал клиника менен иш алып барууда: алардын келишими боюнча документ жакшылап таанышып чыкканыңыз оң.

Мына ушул эрежелерди изилдеп чыккан соң, өзүңүз анализ жүргүзүп бир тыянакка келгениңиз оң.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу