Пияз температураны түшүрөт…

Чоң энелерибиз менен апаларыбыз ден-соолукка эмне пайдалуу экенин билишкендиктен табигый азыктарды көрбүрөөк колдонгонубузду каалашат. Ал азыктардын бири-пияз. Пияз өнөкөт ооруларды да дарылайт. Бул жолу анын өзгөчө касиеттери тууралуу сөз кылсак.

1. Пияз температураны түшүрөт

Өзгөчө балдардын ден-соолугуна пайдасы мол. Эгер температура көтөрүлүп жатса, пиязды кесип, алма уксусуна салыңыз. Андан соң бир нече тилимин кулактын үстүнө, байпактын ичине салып коюңуз. Ушундайча денеиздин температурасы тез түшөт.

2. Инфекцияны өлтүрөт

Алгач пияз пастасын даярдап алуу керек. Ал үчүн нандын үстүнө сүттү кайнатып куюңуз. Бетине пиязды туурагычтан өткөрүп салыңыз. Андан кийин жараңыздын үстүнө сүйкөңүз. 2-2,5 саат кармаса жетиштүү. Бул ыкманы инфекция толугу менен зыянсыздандырганча кайталап турууга болот.

3. Канды токтотот

Бир жериңизди курч нерсе менен кесип алсаңыз, ал жерге дароо пиязды марлиге ороп басыңыз. Тырык калбаш үчүн ыкманы бир нече жолу кайталап туруңуз кажет.

4. Күйүктү айыктырат

Күнгө катуу күйүп калсаңыз, териңиздин үстүнө пияз сүртүңүз. 2 мүнөт жетиштүү болот. Муну менен катар, күйгөн жерге жумуртканыг белогун сүйкөңүз тырык калбайт.

5. Жөтөлдү айыктырат

Пияз суусу жөтөлдү токтотууга пайдасы мол. Суусун иче албагандыктан, бир нече бөлүккө бөлүп, кулактын ичине коюңуз. Ушундайча пияз суусу канга аралашып, жагымсыз жөтөлдөн арыласыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу