Питт менен Жоли ажырашуудан кийин биринчи ирет чогуу эс алышты

Бред Питт февраль айынын орто ченинде үй-бүлөсү менен жолугу үчүн Камбоджа шаарына «жашырынып» барган.

Голливуддук түгөйлөр Брэд Питт менен Анжелина Жоли өткөн жылдын күзүндө ажырашып, өз-өзүнчө жашай баштаган. Ошондон бери биринчи ирет бала-чакасы менен чогуу эс алышканы белгилүү болду. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Билдирмеге ылайык, Питт февраль айынын орто ченинде үй-бүлөсү менен жолугу үчүн Камбоджа шаарына «жашырынып» барган. Ал жакта Жоли тасмага тартылып жүргөн. Андан соң түгөйлөр алты баласын алып саякатка чыгышкан.

Анжелина Жоли менен Брэд Питт 2014-жылдын август айында баш кошушкан. Алар 2004-жылы «Мистер и миссис Смит» тасмасы тартылып жатканда табышып, ошондон бери чогуу жашап келишкен. Жубайлардын өздөрүнүн үч баласы болсо, дагы үч наристени асырап алышкан.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу