Пирматов эми камалабы?

Мародердук маселеси иликтенип жатканын жамы журт билет, анын алкагында бир
«атамекенчи» Р.Төлөгөнов камалса, дагы бир «атамекенчи» Ш.Абдылдаевге издөө
жарыяланган. Кызыгы, жакында Бакиевдердин улутташтырылбай калган дагы бир мүлкү
ортого чыкты. Айтсак, Эркиндик бульварында жайгашкан мурдагы «Ала-Too»
мейманканасы 2009-жылы табышмактуу жагдайда «Гольфстрим Строй» ишканасына 4,2
миллион сомго сатылып кетиптир. 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин Кушбак
Жайчиев дегенге 5 миллион сомго пулданган. Көп өтпөй Жайчиев 20 эсе кымбат, т.а. 100
миллион сомго айтылуу «Кыргыз мунай» ишканасына саткан. Бул компания
парламенттеги «Бир бол» фракциясынын депутаты Исхак Пирматовго таандык экени
айтылууда. Кыскасы, Максимдин мүлкү жасалма түрдө колдон колго өткөрүлүп, аягында
Пирматовго тийген. Бул жерде Исхактын качканга аргасы жок, эгер иш адилеттүү кетсе,
чукул аралыкта камалышы мүмкүн. Себеби, Киев көчөсүндөгү так ушундай иш боюнча
экс-депутат Мадылбековдун баласы соттолуп кеткен.

Булак: “Де-Факто

Аргумент.kg
Жооп калтыруу