Пирматов кантип «Кыргызнефтегазды» сызга отургузган?

Мына ушул кыска убакыт аралыгында ал ААКнын бөлүм башчылык кызматынан ААКнын башкармалыгынын төрагасы кызматына чейин өсүп жеткен. Ал ошол убактагы президент К. Бакиевдин бир тууганы Адыл Бакиев жана уулу Максим Бакиев менен жакшы мамиледе болгон. Балким, анын чагылгандай тездик менен «Кыргызнефтегазды» жетектеп калышына да ошол жылуу мамиле жана И. Пирматовдун коюн-колтукка кирип кетмей шылуундугу себеп болгон болушу мүмкүн.

Ошентип И. Пирматов «Кыргызнефтегазды» жетектеп турган маалында мамлекетке өтө ири суммада зыян алып келген иш-аракеттерди жасаган экен. Анын өзүнө караштуу «Юни Трейд Компани», «Кыргызмунай» аттуу ЖЧКлары бар. Ал «Кыргызнефтегазды» башкарып турганында мына ушул өзүнө караштуу компаниялар аркылуу мамлекеттин акчаларын уурдаган.

Конкреттештирип айталы, 2009-жылдын аяк ченинде «Кыргызнефтегаз» ААКсы менен «Юни Трейд Компани» ЖЧКсынын ортосунда биргелешкен иш жүргүзүү боюнча келишим түзүлөт. Ага ылайык, «Юни Трейд Компани» ЖЧКсы бир бургулоочу жабдуунун комплектисин, ошондой эле кошумча тетиктерди жана чыгымдык материалдарды алып келүү милдетин алган. Мунун баары 5 нефтегаз скважиналарын курууну аяктоо үчүн керектелмекчи болгон.

Ошентип алардын макулдашуусу боюнча бургулоочу станоктун баасы 4,5 млн АКШ доллары болот. Ага кошумча тетиктердин баасы 3,5 млн доллар, Кытайдаң Кочкор-Атага чейин жеткирүү жол чыгымдары үчүн 500 миң доллар болот. Ошентип жалпысынан 8,5 млн долларлык келишим түзүлөт. Мындан тышкары, ал жабдууларды бажыдан өткөрүү үчүн «Кыргызнефтегаз» ААКсынын кассасынан 1 млн доллар төлөнөт.

Эми ушул жерден кызыгы башталат. «Кыргызнефтегаз» менен келишим түзгөндөн кийин «Юни Трейд Компани» ЖЧКсы «Тючюцун-Энергия» аттуу кытайлык компания менен 8,5 млн доллар карыз алуу боюнча келишим түзөт. Ошол эле убакта «Гайант Ойл Техноложи и Сервис» кытайлык компаниясы менен бургулоочу жабдууларды «Кыргызнефтегаздын» дарегине жеткирип берүү боюнча контракт түзөт. Ошентип И. Пирматовдун жеке компаниясы бир кытайлык компаниядан 8,5 млн доллар карыз алып, аны экинчи бир кытайлык компанияга которот. Баарынан кызыгы, ошол 8,5 млн доллар «Юни Трейд Компани» ЖЧКсы аркылуу өткөн эместигинде болуп жатат.

Андан да кызыгы, ошол бургулоочу жабдуунун баасы баардык запастык тетиктери менен кошо Кочкор-Атага чейин жеткирилген жол чыгымдарын кошкондо 4 млн доллардан ашпайт экен. Буга 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин «Кыргызнефтегазга» жетекчи болуп келген К. Масиров менен кытайлык фирманын ортосундагы түзүлгөн контракт факты болуп берет. Ошоңдо Пирматов өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, 4,5 млн

Аргумент.kg
Жооп калтыруу