Педофил деп шектелген адам балдардын атасы болуп чыкты.

Чүйдө «ээн талаага алып барып эки балага зомбулук көрсөтүп жатат» деген адам боюнча маалымат текшерилди. Бул тууралуу бүгүн «Азаттык» радиосуна Чүй облустук милициясынын маалымат катчысы Асылбек Токтомушев билдирди:

Апасына телефондон эки баланын ыйлаган үнүн угузуп жатыптыр. «Көрдүңбү, ажырашып кетүүбүздү балдар каалабайт» деп.

Токтомушевдин белгилешинче, мындай жол менен ал адам ажырашууга жол бербөө аракетин көргөн.

Окуя тууралуу маалымат милицияга жекшемби күнү келип түшкөн. Беш-Күңгөй айылынын четинде эс алып жүргөн жарандар ошол жерде «Ауди» машинасынын ичинде кичине балдардын ыйлаган үнү угулуп жатканын, жанында бир адам жүргөнүн айтышкан.

Аламүдүн райондук милициясы машинанын ээсин издегенде ал адам балдардын атасы экенин аныктады. Ал эми бүгүн балдардын апасы өзү милицияга келип, окуянын чоо-жайын түшүндүрдү.

33 жаштагы келин үй-бүлөлүк чырдан улам бир жылдан бери күйөөсү менен чогуу жашабай жүргөнүн, ажырашуу тууралуу арыз жакынкы күндөрү караларын, атасы балдарын дайыма эле 1-2 күнгө алып кетерин, эч кандай зомбулук жок экенин айтып берген.

Окуя тууралуу маалымат кечээтен бери интернетте кызуу талкууланып, балдарды ыйлатып жаткан адам педофил болушу ыктымал деген жоромолдор айтылган.

Булак: azattyk.org

Аргумент.kg
Жооп калтыруу