Парламент экс-президенттин кол тийбестигин алуу маселесин карай баштайт

Экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу маселеси бүгүн парламентте талкууланат. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын күн тартибине президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор кирди. Анын демилгечилери – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев жана “Республика Ата-Журт” фракциясынан Курманкул Зулушев.

Демилгечилердин айтымында, мыйзамдын экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу 12-беренеси Конституцияга жана айрым нормаларга карама-каршы келет.

Эгер өзгөртүүлөр кабыл алынса, кызматтан кеткен президентти кылмыш жообуна тартуу мүмкүнчүлүгү ачылат, анын үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө токтотулат жана көзү өткөндөн кийин үй-бүлөсүн өмүр бою кызматтык автоунаа менен камсыз кылуу нормасы да алынып салынат. Ошондой эле ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт.

Экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу маселе Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо боюнча депутаттык комиссиянын тыянагы жарыяланганда көтөрүлгөн эле. Анда парламент кабыл алган токтомдо мурдагы президенттен артыкчылыкты алып салуу тууралуу мыйзам иштеп чыгуу каралган.

Ал эми Конституциялык палата укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун өтүнүчүн карап чыгып, мыйзамдын 12-беренесин Баш мыйзамга каршы келет деп таап, мунун себебин кол тийбестиктен ажыратуу процедуралары каралбай калганы менен түшүндүргөн.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу