Парламент тарап кетиши мүмкүнбү?

Мына ушул суроо аз-аздан болсо да күн тартибине коюла баштады. Өкмөткө жакын, ортоңку позицияны кармаган, чала-була оппозициялык маанайдагы эксперт политологдор: «Жаңы жылдан парламент тарап кетиши мүмкүн» деген ойду кыйытышууда.

Ал эми парламенттин өкүлдөрү болсо, «жок, эч качан тарабайт»-деген жоопту айтышууда. Ишине жаңы кирише турган президент Сооронбай Жээнбеков да жакын эле арада берген маегинде: «Парламенттин тарап кетишине эч кандай негиз жок»- деп айтыптыр.

Бирок, эмне үчүн эле? Ушул парламенттин тарашы жөнүндөгү кептер кайра- кайра эле козголуп жатат. Балким, коомчулукту «бышык улак» кылып көндүрүп жатышабы? Себеби, кыргыз саясатында ушак кептер барып-барып эле чындыкка айланып кетчү эмес беле. Ошенткен күндө да негизги себеп эмнеде жатат? Айрым бир басылмалар жазгандай «бул парламенттин колунан эч нерсе келбей калды»- деген билдирүүлөр эч кандай шоона эшпейт. Анткени, бул парламент мурункулардан артык эместир. Бирок, кем да эмес. Кайра шайлоо жүргүзө койсо эле парламентке жалаң мыктылар келе калмак беле. Болгону бир партияны экинчи партия, бир капчыктууну экинчи капчыктуу алмаштыраар. Балким чындап эле парламентти алмаштыруу ойлонулуп жатылса, анын себеби, бийликтин ишениминен кеткен Бабанов болушу мүмкүн. Себеби, анын фракциясы «Республика Ата-Журт» Жогорку Кеңештеги саны боюнча экинчи фракция болуп жатпайбы. Мындан бөлөк Жогорку Кеңешти таратып жиберүүгө ачыктан ачык деле шылтоо жок сыяктуу.

Булак: ARGUMENT.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу