Парламент мигранттардын пенсиясына кабатыр

Башка өлкөдө эмгектенип жүргөн кыргызстандык мигранттар жакынкы жылдарда пенсиялык көйгөйгө туш болорун айтып тынчсызданган депутаттар, өкмөттөн мигранттардын пенсиялык реформа маселесин чечүү зарылдыгын козгоду.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, эмгек мигранттары Кыргызстанга 2015-жылы 1 млрд 168 млн доллар, ал эми 2016-жылы 2 млрд долларга чукул каражат которгон. Дүйнөлүк банктын баалоосу боюнча бул каражат өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнүн 30 пайызга жакын бөлүгүн түзөт.

Бирок азыркы жетишкендиктер келечекте тескери таасирин берип, мамлекеттин бюджети оор абалга туш болору миграциялык кырдаалды талкууга алган КСДП фракциясынын жыйынында айтылды.

Депутат Аалы Карашев белгилегендей, Орусияда мигранттар күнүмдүк акча таап жатканы менен, келечекте пенсия алуу маселеси чечиле элек.

Аалы Карашев

1992-жылы 20 жаштагы бала мигрант болуп кетсе, бүгүн ал 45ке чыкты. Ал эми 40 жаштагысы 65 жашка толду. Ушул өңдүү 600 миңден ашуун Орусияда иштеп жаткан мигрант эртең эле картайганда Кыргызстанга келет. Мына ошондо чоң проблема болушу мүмкүн. Жакынкы жылда жашырганыбыз менен бул маселе сөзсүз көтөрүлөт.

Пенсия чегерүү ЕАЭБ аркылуу ишке ашат

Кыргызстан Орусия менен акыркы беш жылда пенсиялык чегерүүлөрдү экспорттоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, иш алып барып жатканы менен алигүнчө кандайдыр бир чечимдер кабыл алына элек. Мындан улам кыргыз өкмөтү учурда ЕАЭБдин өзүнчө пенсиялык келишимин ишке ашырууга киришти.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев билдиргендей, ЕАЭБдин пенсиялык келишими кабыл алынса бир гана Орусия эмес, уюмга мүчө өлкөлөрдөгү бардык мигранттардын пенсиялык көйгөйү чечилмекчи. Бирок жумушчу топ улам жаңы тоскоолдуктарга кабылып жаткандыктан, долбоор качан ишке кирери белгисиз.

— Орусиянын жаңы мыйзамында пенсияны балл системасы менен берип калды. Биз ошол системага мыйзамдарды шайкеш келтирүү үчүн жумуштарды аткарып жатабыз. Биздин Орусияда иштеп жаткан жарандардын айлыгынын 22 пайызы пенсияга деп чегерилет. Бул акча Орусиянын пенсиялык фондуна түшүп жатат. Иштелип жаткан пенсиялык келишимге ылайык, биздин мигранттар Кыргызстанга кайтып келгенде, пенсияга төлөнгөн акча биздин Соцфондго экспорттолот. Ошону менен эмгек тажрыйбасын санап, пенсияга чыгарабыз. Бул келишимди беш мамлекет иштеп жаткандыктан качан бүтөрүн так айта албайм, бирок жакын аралыкта бүтүп калышыбыз керек.

Анткен менен депутаттар кыргызстандыктардын токтоосуз чет өлкөгө жумуш издеп чыгып жатканы үчүн өкмөттү айыптап, аларды өлкөдө кармап калуунун аракетин көрбөй жатканын сындашты.

Депутат Азамат Арапбаев, мамлекет ар бир жаранды төрөлгөндөн тарта эмгекке жарамдуу куракка чейин багып келип, жыйынтыгында сыртка иштөөгө жөнөтүп жатканына капа.

— Кыргызстанда бала төрөлгөндөн тарта төрөткана, бала бакча, мектеп, университет өңдүү мамлекеттик мекемелерге бюджеттен эбегейсиз көп каражат жумшап окутуп, тарбиялап жатабыз. Жыйынтыгында колундагы тажрыйбаны мамлекет үчүн колдонууга келгенде, аларды сыртка жөнөтүп жатабыз. Ошол жарандарды биз кайра кайтарышыбыз керек, анткени чоң байлыгыбыз деп саналган эмгек капиталыбыз коңшу мамлекеттердин экономикасына өз салымын кошуп жатат. Бул жаатта өкмөт мигранттарды кайтаруу чараларын көрүшү керек.

Өкмөт: концепция мигранттарды алып келет

Өз кезегинде өкмөт өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясынын алкагында, мигранттарды кайтаруу, алардын күчүн өз өлкөсүндө колдонуу максатында концепция жазып жатканын маалымдады. Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова концепциянын долбоору парламенте сунушталчу күн алыс эмес дейт.

— Жумушчу күчтү тышка чагарбастан өз өлкөбүздө иштетүү бул бүгүнкү күндө эң актуалдуу маселелердин бири. Азыркы күндө Миграция кызматы стратегиянын алкагында өздөрүнүн концепциясын жазып жатат. Өкмөт жумуш режиминде концепция үстүндө иштеп жана аягына чыгып бүтөлү деп калдык. Жакында долбоорду парламентке алып келебиз.

Апрель айында Бишкекте өткөн Евразия экономикалык бирлигинининжыйынында президент Алмазбек Атамбаев уюмга мүчө өлкөлөрдө иштеген мигранттардын пенсиясы боюнча келишимдерди кабыл алууну тездетүү зарылдыгын айткан. “Бул маселеде эмгекчилер менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык камсыздоо боюнча келишимди аягына чыгаруу керек” – деген өлкө башчы мигранттарды майда административдик жаза үчүн депортациялоону токтотууну айткан эле.

Миграция кызматы Орусияда расмий 616 миң кыргыз жараны иштеп жүрөт деп айтканы менен, бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны миллионго чукул. Ал эми Орусияга кирүүгө тыюу салынган “кара тизмеге” кирген жарандардын саны 106 миң адамга жетип, алардын дээрлик жарымына узак убакытка Орусияга кирүүгө сот аркылуу тыюу салынган. Ошол эле учурда 43 миң жаран жыл аягына чейин бул тизмеден чыгуусу күтүлүүдө.

Кыргыз өкмөтү ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары Түркия жана Түштүк Корея өлкөлөрү менен мигранттардын пенсиялык келишиминин үстүндө иштеп жатат.

Булак: azattyk.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу