Парламент «криминал», «бандиттерден» тазаланышы керек!

Калп айткан менен болобу, бүгүнкү Жогорку Кеңештин курамында далайларды сызга отургузуп, криминалдык, бандиттик жолдор менен акча жасап, ошол акчаларынын күчү менен  депутат болуп келишкендер жетишерлик. Бир сөз менен айтканда, сыртынан  «жалтырак» көрүнгөнү менен ичтери «калтырак» эл өкүлдөрү бар.   Мындай жүрүш менен Жогорку Кеңеш  жакынкы жылдары «базаркомдордун» эмес, «криминалдардын парламенти» аталарына деле аз эмес окшойт… Ошондуктан КР президенти  тарабынан  шайлоо мыйзамдарын сапаттык жактан жакшыртуу демилгесин ишке ашырууда мыйзамдарга  ушундай  криминалдык дүйнөгө катышы барлардын депутат болуп келүүлөрүнө жол бербеген өзгөртүү, толуктоолор киргизилүүсү  кажет. Президент да шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылуу менен дал ушуну эске алсак керек деген ниеттебиз. Ансыз келерки чакырылыштардагы Жогорку Кеңешке   басып өткөн жолу шойкумдуу,  кудайдан жөө качкан, мыйзамсыз, коррупциялык, бандиттик иштерден башы чыкпаган, акылы жок, бирок акчасы бар, билими жок, бирок билеги барлардын депутат болуп келерин жокко чыгарууга мүмкүн болбой калды. Андай болсо, Кыргызстандын көрөр күнү кандай болот?

Албетте, өзүнүн маңдай тери, адал эмгеги, мыйзамдуу жолдор  менен бизнес жасагандардын депутат болуп келүүлөрүнө каршы эмеспиз. Бирок мыйзамсыз, шектүү жолдор менен байыгандардын, «ОПГ» мүчөсү деп саналгандардын, кылмыш иштери козголуп, сот жообуна тартылгандардын парламентке келүүлөрүнө жол берилбеши керек! Болбосо, учурда расмий түрдө «ОПГ» мүчөсү катары каттоодо тургандар ЖК трибунасынан  акыл үйрөтүп, элдин, өлкөнүн тагдырын чечип жүрүшөт. Кылмышкерлер башкарып калган өлкөнүн келечеги кооптуу, коркунучтуу  болору тарыхтан белгилүү…

Мындан ары мына ошондой  депутаттар тууралуу сөз кылып, келерки шайлоолордо кимдерге парламенттен  орун болбошу керектигине токтолуп турмакчыбыз. Эл, коомчулук бүгүн өлкөнү кимдер башкарып жатканын, тагдырыбыз кандай адамдардын колунда экенин билсин.

Булак: Факты.кж гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу