Парламент Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды (видео)

Жогорку Кеңеш финансы министринин кызматына Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды. Парламент жыйынына 109 депутат катышып, Жээнбаеванын талапкерлигин 101 депутат колдогон.

58 жаштагы Бактыгүл Жээнбаева учурда президенттин кеңешчиси болуп иштейт. Ага чейин Улуттук банк, “Айыл Банк”, Мамлекеттик ипотека компаниясы өңдүү каржы мекемелерин жетектеген. Жээнбаевa президенттин буйругунан кийин ишке киришет.

6-декабрда финансы министри Адылбек Касымалиев өз арызы менен кызматтан кеткен. Ал бул кызматта 2015-жылдан бери иштеп келаткан.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу