Парламентте УКМКнын үстүнөн чексиз көзөмөл жүргүзүүчү жаңы комитетти түзүү демилгеси – өлкөнүн улуттук коопсуздук системасына ордуна келбей турган зыян алып келет .

Учурда парламентте УКМКнын үстүнөн көзөмөл кыла турган өзүнчө жаңы комитет түзүү демилгеси айтылып атканы белгилүү. Негизи, улуттук коопсуздук органдарынын үстүнөн парламенттик көзөмөл практикасы бир катар мамлекеттерде бар, алардын ичинде Россия да бар жана ал эл аралык практикага туура келет. Ошол сыяктуу эле практика бул этапта Кыргызстанда да КР мыйзамдарына ылайык практикаланып келет. Бирок, мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңеште өзүнчө комитет түзүү жолу менен, мамлекеттик сыр болуп саналган «жашыруун материалдарга» чейин колдору жете тургандай, улуттук коопсуздук кызматынын имаратына тоскоолдуксуз кире ала тургандай чексиз ыйгарым укук алууну максат кылышууда. Муну менен алар УКМКнын үстүнөн парламенттин көзөмөлүн күчөтүү максатын коюшкан. Мына ушул жерден парламенттин «саясий жактан бышпаганын» эске алуу керек. Кыргызстан 2010-жылы гана көп партиялуу системадагы парламенттик башкаруу формасындагы мамлекет болду. Азырынча бийликтин органдарынын шайлануу механизми аягына чейин иштелип чыга элек. 2015-жылы болуп өткөн парламенттик шайлоодо шайлоочуларды сатып алуу жана административдик ресурстарды пайдалануу сыяктуу көрүнүштөр байкалды. Парламентке келген айрым депутаттардын кош жарандыгы бар экени билинүүдө. Айрымдары коррупцияга каршы күрөштө жаңжалдуу иштерге катышканы билинип калды. Парламенттин учурдагы чакырылышын эффективдүү деп айтуу кыйын. Ушул эле баа анын кабыл алып жаткан мыйзамдарына да, депутаттардын жыйынга катышуу тартибине да, отурумдарда добуш берүү процедураларында регламенттин бузулушуна да тиешелүү. Кыргызстандын парламенти көп партиялуу пропорционалдуу системада түзүлөт жана көптөгөн эл аралык уюмдардын жана Кыргызстандын көз карандысыз эксперттеринин баасында саясий партияларда жана партиялык курулушта саясий маданият жетишээрлик өнүгө элек. Көптөгөн саясий партиялар «башчылык» принциби менен түзүлөт. Алар бир эле адамдын айланасында чогулат. Саясий партияларда региондор көрсөтүлгөн эмес, идеологиялык багыттуулугу начар өнүккөн. Партияларга эптеп парламентке депутат болуш үчүн эле алдыңкы тизмеге кирип калгандар толтура. Мына ушул сыяктуу жогоруда саналган көйгөйлөрдүн фонунда УКМКнын үстүнөн чексиз көзөмөл жүргүзө турган жаңы парламенттик комитет түзүү — улуттук коопсуздук системасын шал абалга кептеп, ордуна келгис зыян алып келет. Эл аралык террордук уюмдар тарабынан болуп аткан дүйнөлүк коркунучтардын активдүү өсүп аткан маалында жана өлкөнүн ички саясий абалынын стабилдүү эместиги болуп турган чакта бул демилге өтө кооптуу. Ошол эле убакта бийлик бутактарынын балансын камсыздоо маселеси өлкөнүн өнүгүүсүнүн стабилдүүлүгүнө кепилдик берет. Президентте күч блогунун жетекчилерин дайындоо жана бошотуу жана көзөмөлдөө (укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук кызматы) ыйгарым укуктары болсо, өкмөт социалдык жана экономикалык маселелер менен алектенет. Парламент өзүнүн табиятына жараша мыйзам чыгаруучу орган. Андыктан парламентке таптакыр коошпогон көзөмөлдөөчү-бөлүштүрүүчү функцияны өзүнө алууга болгон аракет мыйзам чыгаруучу органдын өзүн дискредитациялайт. Мындай жагдай өлкөдө жаңы саясий кризисти жаратышы мүмкүн. Эксперттердин пикиринде, мамлекеттин өнүгүүсүнүн бул этабында мындай парламенттик көзөмөл кылуу демилгеси мамлекет үчүн пайдага караганда, зыянды көбүрөөк алып келет. Постсоветтик өлкөлөрдүн өнүгүү тенденцияларын байкап көрсөк, мындай демилгелер өтө курч саясий окуяларды башынан өткөргөн Грузия, Украина сыяктуу өлкөлөрдө батыш уюмдарынын активдүү колдоосу менен активдүү көтөрүлүүдө. Эми ошондой демилгенин бизге азыр кереги барбы?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу